• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Кадастрдын” мурдагы жетекчиси алдамчылыкка шектелүүдө. Ташталган ымыркайлар маселеси парламентте көтөрүлдү

22 Жетинин айы 2023 18:47 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ БЕЛАРУСКА ЖӨНӨП КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасына жөнөп кетти. Сессия Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтөт.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев коргоо министри Бактыбек Бекболотов бар.

“КАДАСТРДЫН” МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык аракеттерди жасоо фактысы боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын март айында шектүү Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.

«Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган жаран  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

КӨЛБАЕВДИН БАТИРЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ ӨТТҮ

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди. Ал «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт.

«Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун негизинде 720 батир да мамлекеттик менчикке катталды», — деген Машиев бул батирлер боюнча арыз менен ким кайрылганын тактап айткан жок.

4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тайын операциясында “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчыбек Асанбек өлтүрүлгөн. 9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙЛАР МАСЕЛЕСИ ПАРЛАМЕНТТЕ КӨТӨРҮЛДҮ

Кыргызстанда акыркы он кун ичинде  үч ымыркай көчөгө ташталды. Алардын экөө Бишкектен, бирөө Жалал-Абад шаарынан табылган. Мындай кейиштүү окуялар талкуу жаратып, жоопкерчилик маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

ЖКнын жалпы жыйыныныда төрага Нурланбек Шакиев кыз-келиндерге жана балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулук маселелерине токтолуп, коомчулукту тынчсыздандырган бул көйгөй күн сайын көбөйүп жатканын айтты.

Депутат Марлен Мамталиев мындай көрунуштөрдун алдын алуу мүмкунчулүктөру тууралуу пикирин билдирди.

Арча-Бешик жаңы конушунда жаңы төрөлгөн ымыркайды милиция кызматкерлери Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Кийинчерээк наристени төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы С. Ж. аттуу келин кармалды.

8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектердин жанынан жаңы төрөлгөн кыз табылды. Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 2005-ж.т. Т.Э. экендиги аныкталган. 

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Опузалап талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМ ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.К. кармалды. Аталган жаран физикалык күч колдоном деп коркутуу жолу менен Ноокат районунун жашоочусуна 500 миң сом акча каражатын берүүнү милдеттендирип койгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен козголгон.

Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.К.166 миң сомду алган жеринен кармалган. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат жана 2028-жылы каракчылык фактысы боюнча соттолгон. Ал Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 94