• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Кайрадан шайлоо жазга калат. Белгилүү кримтөбөл Көлбаев колго түштү

22 Тогуздун айы 2020 20:15 Бишкек Govori.TV

Эгер мыйзам күчүнө кирсе парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт, Босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт, шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков аталган мыйзам долбооруна шайлоодогу үгүт формасын дагы өзгөртүү керектигин кошууну белгиледи.

ШАЙЛОО ЖАЗГА КАЛУУСУ МҮМКҮН

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бул тууралуу депутат Талант Мамытов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.  Анын айтымында, «Шайлоо тууралуу мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтотуу жөнүндө» документ сунушталууда.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн 22-октябда Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт өлүм катталды. Бул тууралуу республикалыкек табдан кабарлашты. Маалымат боюнча Баткен облусунан бир , Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап каза болду. Жалпысынан коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1122ге жетти.

КАМЧЫ КӨЛБАЕВ КАРМАЛДЫ

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилгени кабарланды. Ал 22-октябрда Бишкектеги спортклубдардын биринен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Камчыбек Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган.

ЗУЛУШЕВ БАШКЫ ПРОКУРОР БОЛДУ

Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, жаңы башкы прокурор Курманкул Зулушевди көзөмөлдөөчү мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды.

ТОКТОГАЗИЕВ АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ БОЛДУ

Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер–министр Садыр Жапаров кол койду.

Количество просмотров: 490