• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Конституциялык соттун төрагасын кетирүү сунушталды. Дагы бир талапкер добуш сатып алууга айыпталууда 

1 Кулжа 2023 18:50 Бишкек Govori.TV

ЭРДОГАН ЖАПАРОВДУ ИНАУГУРАЦИЯСЫНА ЧАКЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өз кезегинде Түркиянын президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

29-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон.

ДАГЫ БИР ТАЛАПКЕРГЕ ИШ КОЗГОЛДУ

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) добуш сатып алуу боюнча айыптарын четке какты.

Сариевдин айтымында, ал 31-майда атайын кызматка сурак берип чыккан жана штабындагы  тинтүү иши да кечээ болгон.

Белиглей кетсек, бүгүн, 1-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шек саналып жатканын кабарлаган.

Атайын кызмат «төгүндөлгүс далилдер алынганын» жана чогултулган материал Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөрүн билдирди. Талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (“Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу”) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында эки жаран кармалган. Аталган эки жаран №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынан 29-май күнү кечинде кармалган. Ниязалиева добуш сатып алуу боюнча айыптарды четке каккан.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН ТӨРАГАСЫН КЕТИРҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн макулдук алуу маселеси бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев Конституциялык соттун парламент өкүлүнө иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алып, ага реакция кылууга чакырды жана бул мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтты.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги «депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек» деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапканы быйыл 25-майда белгилүү болгон. Конституциялык сотко бул норманын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган. Ал эч бир тараптын кызыкчылыгын көздөбөй турганын, юрист катары билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба токтоо максатында кайрылганын кошумчалаган. Эми, анын айтымында, парламент регламентине тийиштүү өзгөртүү киргизүүгө милдеттүү болот.

Конституциялык соттун чечиминде «Кылмыш жасады деген негиздүү шектенүүлөр болгон учурда Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо депутаттын ишине жана көз каранды эместигине кол салуу болуп саналбайт. Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 138-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, депутатка иш козгоого Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына шайкеш келбейт жана Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген чектен чыгып кетет деп белгиледи» деп айтылды.

ДЕПУТАТ: ЧЕК АРАДА КОРРУПЦИЯ БОЛУУДА

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов кыргыз-өзбек чек арасындагы коррупция бар экенин билдирди.

Анын айтымында, чек арачылар жарандарды өткөрүү үчүн акча алышат.

Ошондой эле, депутат аталган чек ара постундагы Санитардык көзөмөл борборунун да кызаматкерлери акча алып жатышканын кошумчалады.

 “АК-ТИЛЕКТЕ” УНААЛАР КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ

 Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 1-июнда билдирди.

Мекеме чек арадагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканын, кезектин пайда болушу азык-түлүктөрдү сыртка ташуунун көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирди.

“Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр байкалган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйында депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканын айтып, «Кичи-Капка» чек ара бекетин ачууну сунуштады.

Белиглей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат.

ЖКДА “КРОКОДИЛДЕР” МАСЕЛЕСИ БҮГҮН ДА КӨТӨРҮЛДҮ

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбекова бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында Дипломатиялык академиянын окутуучусу Айнур Жоробекованы кызматтан алуу тууралуу чечимге ашыкпоо боюнча сунушун айтып, өз пикирин билдирди.

Ал эми депутат Камила Талиева кесиптешине «адвокат болбогула» деген талап менен жооп берди.

Эске салсак, Жоробекова буга чейин форумда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын ЖОЖдорунда орус тилинде билим берүү “улуттук крокодилдерибиздин” нааразычылыгына карабай басымдуулук кылып жатат деген. Андан соң бир катар депутаттар Жоробекованы кызматтан алуу талабын коюшткан. Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробековага айткан сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш берилгени кабарланган.

Количество просмотров: 187