• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Конституцияны депутаттар өздөрү өзгөрткөнү жатышат. COVID-19дан каза болгондордун жакындары митингге чыгышты

25 Үчтүн айы 2021 18:52 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков жана Үмбеталы Кыдыралиев Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн референдум дайындоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты.  Анда бардык фракциялардын жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгон учурда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи, үчүнчү окууда же үч окууда кабыл алууга укуктуу болот.

ЖАПАРОВ АЛГАЧЫКЫ САПАРЫН ОРУСИЯГА ЖАСАЙТ

Шайланган президент Садыр Жапаров чет өлкөдөгү алгачкы сапарын Орусиядан баштоону пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитеттердин жалпы жыйынында айтты.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза болду. 71 кишиге вирус жукканы маалым болду.

ВИРУСТАН КАЗА БОЛГОНДОРДУН ЖАКЫНДАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Саламаттык сактоо министрлигинин алдына бүгүн, 25-январда коронавирустан жакындары каза болгондор пикетке чыгышты. Алар башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев менен министрдин орун басары Мадамин Каратевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.  Алардын айтымында жетекчилер коронавирусту дарылоо боюнча үчүнчү протоколду катып алышкан.

БААЛАРДЫ АТАЙЫ ЖОГОРУЛАТКАН АВИАКАССА  

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Россияга авиабилеттердин негизсиз кымбаттатылганын текшерүү үчүн Бишкек шаарындагы авиакассадан Бишкек—Москва каттамы боюнча 67 миң 800 сомго билет сатып алышкан.

МЫЙЗАМСЫЗ БОЮУ ФАКТЫСЫ АЧЫКТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз байыганына байланыштуу фактыларды аныктаганын билдирди.

Количество просмотров: 182