КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
27- майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 52 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ушуну менен республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 1520га жетти.
УЛУТТУК БАНКТЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН ВИРУС ТАБЫЛДЫ
Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда “Кабар” агенттигиндеги онлайн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
ПРЕМЬЕР ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ ЧЫКТЫ
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкканын өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди. Бул чечим радио жыштык ресурстарын кайра каттоо жана узартууга катышканы тууралуу Абылгазиевдин дарегине айтылган сындан улам кабыл алынган.
НАРЫНДЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СӨГҮШ АЛДЫ
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш жарыяланды. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн Республикалык ыкчам штабдын сунушу менен тийиштүү чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алганын өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.
ЖКДА МАЙЫПТАРДЫН БИРДИКТҮҮ РЕЕСТРИН ТҮЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ
Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү тууралуу мыйзам долбоор каралды.
КСДПНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧУУ
КСДП партиясынын депутаттары Ирина Карамушкина жана Рыскелди Момбеков партиянын катарынан чыкты. Бул тууралуу саясий бирикмеден билдиришти.