• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Коронавирус күчөгөндөн күчөдү. Аптанын казустары…

12 Кулжа 202018:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 жаңы учур катталды.  Анын ичинде алтоо медкызматкерлери. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

БИШКЕКТЕ БАЗАРЛАР КАЙРАДАН ЖАБЫЛА БАШТАДЫ

10-июнда Ош базарынан коронавирус илдетин жугузуп алган бир адам аныкталган. Мына ушуга байланыштуу бүгүн 12-июнда аталган базардын айланасында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Илдеттин тарап кетпеши үчүн жүргүзүлгөн алдын алуу иш чаралары буга чейин  Орто-Сай жана Аламүдүн базарларында дагы аткарылган.

 КАРАНТИНДЕН КИЙИНКИ АЛГАЧКЫ ЖУМА НАМАЗЫ

Бүгүн Кыргызстанда карантинден кийин ачылган мечиттерде алгачкы ирет жума намазы окулду. Буга чейин айтылгандай, мечиттерге намазга келгендерге социалдык аралыкты сактоо жана гигиеналык эрежелерге баш ийүү талабы коюлган. Жума намазга келген адамдар мечиттерде коюлган талаптардын негизинде киргизилди.

“КАЙНАР” РЕСТОРАНЫ ЖАБЫЛДЫ

«Кайнар» рестораны Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн катуу эскертүү менен жабылды.

Азыр насыя алуу канчалык негизде кооптуу?

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө пандемияга карабай насыя алгандардын саны өскөн.  Бүгүнкү кырдаалда насыя алуучар кайсы региондө көп катталган? насыя алуу канчалык негизде кооптуу?  алдыдагы материалда.

Жуманын казустары..

Бул жума казустарга бай болду. Алгач коомчулуктун талкуусуна жем болгон сунуш Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков тарабынан айтылды.  Андан кийин эле коомчулуктун эрмегине спикер Жумабеков айланды.

Шадиевге салынган айыппул талкууда

Апта ичинде бир катар аткаминерлерге катара соттун өкүмү чыкты. Алардын бири кылмыш иши козголгондо суу кечип Кыргызстандан АКШга качканы айтылып жүргөн мурунку депутат Аскарбек Шадиев болду. Бирок коомчулукту соттун өкүмү менен ага салынган айыппул ойго салды. Кененирээк кийинки мактериалда.

Количество просмотров: 403