• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Коронавирус кайрадан күчөдү. Жапаров кыргызстандыктарды Орусияга эшелондоп жөнөтүүнү сунуштады

20 Үчтүн айы 2021 18:45 Бишкек Govori.TV

ҮЧ ТИЛКЕДЕГИ ДОБУШТАР КАЙРА САНАЛАТ

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы № 5319, 5320, 5559 тилкелериндеги добуштарды кайра санайт. Жыйын 20-январда болорун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Ош шаарындагы аталган шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар кайра эсептелишин талап кылып, Асанов арыз жазган.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

20-январга карата Кыргызстанда дагы 162 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки бейтап көз жумду. Ооруга чалдыккандардын саны бир күн мурункуга караганда дээрлик эки эсе көп. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83430 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 79 373ү сакайды. Соңку бир күндө 124 адам айыкты.

ӨЛКӨДӨГҮ ЖУМУШСУЗДУК

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Орусияга Кыргызстандан эмгек мигранттарын керек болсо поезд аркылуу жеткириш керек деп эсептейт. Мындай пикирин депутат 20-январда парламенттин жыйынында кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууну сунуш кылып жатып айтты.

ЖОГОРКУ СОТКО СУДЬЯ ШАЙЛАНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 20-январдагы жыйынында Дамир Назаровду Жогорку соттун судьясы кылып шайлашты. Жашыруун добуш берүүгө 93 депутат катышып, анын ичинен бири гана каршы чыкты. Назаров Жогорку Кеңеште ант берди.

АЙДООЧУЛАР ИШКЕ ЧЫКТЫ

Бишкекте бүгүн эртең менен маршруттук чакан автобустар штаттык режимде ишке чыгышты. Бул тууралуу мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 7:00дө 900 маршрутка ишке чыккан. Транспорт башкармалыгы бүгүн күн бою мониторинг кыла турганын кошумчалады.

ОШТО ИРИ КӨЛӨМДӨГҮ МАҢЗАТ ТАБЫЛДЫ

Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды даярдоодо колдоно турган ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюлду.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлагандай, 19-январда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча териштирүү баштаган.

«КАРЫШКЫР» АТЫ МЕНЕН ТААНЫМАЛ УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, «Карышкыр» каймана аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТЫН МААНИСИ

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Мындан улам Чокоевге болушкан маданият өкүлдөрү четинен наамдарын тапшырып берүүгө даяр экенин айтып чыгышты. Ал эми КРдин Эл артисти, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев 40 жыл атыктуу эмгектенип, бирок эч кандай наам албай жүргөндөр бар экенин эске салып, мамлекеттик сыйлыктын маанисине токтолду.

Количество просмотров: 250