COVID-19: ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ
Кыргызстанда 27-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 13 адам аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында илдетти жуктургандардын ичинен экөө Орусиядан келгендер.
COVID-19: БЕЙТАПТАРДЫ ДАРЫЛООГО КАНЧА АКЧА САРПТАЛДЫ?
Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого жана обсервацияда көзөмөлдө жаткандарга 8 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева брифигде билдирди.
КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: СОТТУК ОТУРУМ ЖЫЛДЫ
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыркы Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу 29-апрель, саат 10.00гө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.
МЕКТЕПТЕРДЕГИ ИШ-ЧАРАЛАРГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Мектептердин, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн салт болуп калган 10, 20, 30, 40 жылдык мааракелерин өткөрүүгө өзгөчө абал бүткөнчө уруксат берилбейт. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 27-апрелде брифингде билдирди. Анын айтымында, мындай мааракелерди өткөрүү өзгөчө абалдын эреже-талаптарын бузат.