КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүн, 15-майга карата Кыргызстанда дагы 29 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, 15-майга карата коронавирус менен ооругандарлын арасынан 2 адам көз жумду.
МИГРАНТТАРДЫ КАЙТАРУУ УЛАНУУДА
Бүгүн, 15-майда Стамбулдан дагы 330 кыргыз жараны Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.
ЕАЭБ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТАЛААГА ТАШТАДЫ
ЕАЭБ Кыргызстанды талага таштап койду. Мындай пикирин бүгүн фракция жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Ал Кыргызстан үчүн азыркыдай оор мезгил болуп жатканда жакын деген ЕАЭБ жардам колун сунбаганын айтты.
ЧЕРНОГУБОВА 2 АЙГА КАМАЛДЫ
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 12-июлга чейин кармалмай болду.
АКЫРКЫ КОҢГУРОО ОНЛАЙН ӨТӨТ
Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу 15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР СЫЙЛАНАТ
Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.