• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кара-Кечеден көмүр чыгарып кетишкен. Баткенде үйлөр качан бүтөт?

8 Бештин айы 2022 18:59 Бишкек Govori.TV

ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТИНИН САПАРЫ ЖЫЛДЫ

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-декабрдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылганын билдирди. Ал эми Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Буга чейин президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары аталган жыйындан кийин, 10-декабрда башталарын билдирген. Анда өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланып, эки тараптуу документтерге дагы кол коюшу мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле кыргыз-өзбек бизнес-форуму да өткөрүү пландалып жаткан.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга 29-ноябрда кол койгон.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев эки мыйзамга кол койгонун 30-ноябрда билдирген.

СЮЖЕТ: САММИТТЕ КЫРГЫЗСТАН КАЙСЫ МАСЕЛЕЛЕРДИ КӨТӨРҮШҮ КЕРЕК?

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Саммитке орус президенти Владимир Путин баштаган делегация катышат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жыйында кайсы келишимдер карала турганына токтолду.  Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков эртеңки жыйында биз тараптан бажыдагы көйгөй, мигранттардын ахыбалы боюнча маселелер капталынан коюлушу керек деген оюн ортого салды.

ДЕПУТАТТАРДЫН СУРАЛЫШЫ ИЛИКТЕНЕТ

Президент депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурага суракка барганын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 8-декабрда билдирди.

Буга чейин депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Көзөмөл органы эки депутат тең Жогорку Кеңеште жарыялаган маалыматы боюнча чакырылганын билдирген.

Депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин 7-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган.

КЫЙРАГАН ҮЙЛӨР КАЧАН КУРУЛУП БҮТӨТ?

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына чейин Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы 150 тургундун үйүнүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал жаңы үйлөрдүн курулушуна бюджеттен жалпы 1 млрд сом бөлүнгөндүгүн кошумчалады. Зарылчылыкка жараша кошумча каражат бөлүнөт. ӨКМдин акыркы маалыматына таянсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусундагы айылдарда 432 үй кыйраган. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

ИЮНЬ ОКУЯСЫ: СОТТО КҮБӨЛӨР СУРАЛДЫ

Июнь окуясы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланып, күбөлөр суралды. Отурумга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Ал эми башка айыпталуучулар Атамбаевдин сотко алып келинишин талап кылышты. Судья Чыңгыз Бердимуратов Атамбаев зарыл учурда сотко алынып келинерин айтты.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камакта отурушат.

1-декабрда сот отурумуна алынып келинген Алмазбек Атамбаев ишти өзүнүн катышуусуз кароону өтүнгөн болчу.

Улуттук коопсуздук комитети былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары учурдагы президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суракка кирип чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-декабрында «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн «Саяк» жана «Мики Чор» каймана аты менен таанымал Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган. Ошентип, шектүүлөр 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен. Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 232