• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Кыргызстан 31 өлкөгө аба майданын ачты. Калк мамлекетке электр энергия үчүн 100 миллион сом карыз

21 Баш оона 202019:56 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19 илдетинен пневмонияны эсепке бир сутка ичинде 1 бейтап каза болду. Маалымат боюнча каза болгон учур Баткенде катталган. Ал эми акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 196 адамдан аныкталганы белгилүү болду. 

ӨКМӨТ БАШЧЫ ЫСЫК-КӨЛГӨ БАРАТ 

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат. Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.

КЫРГЫЗСТАН 31 ӨЛКӨ ҮЧҮН ЧЕК АРАСЫН АЧТЫ

Кыргызстан чет мамлекеттин жарандарынын өлкөгө киришине уруксат бериш үчүн коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түздү.

 МУФТИЙДИН ОРУН БАСАРЫ АЛМАШТЫ

Дин таануучу Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгонун муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

ОШКО МОСКВАДАН 191 КЫРГЫЗСТАНДЫК КЕЛДИ

Бүгүн, 21-августта «Ош» эл аралык аэропортунда «Сибирь» авиакомпаниясынын Москва—Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯГА КАРЫЗ 100 МЛН СОМГО ЧУКУЛДАДЫ

24-августтан тарта, Ысык-Көл менен Нарын облустарындагы электр энергиясына карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрүү пландалууда. Бул туурасында «Чыгыш электр» ишканасы кабарлады.

Количество просмотров: 324