КОРОНАВИРУС: ИЛДЕТТИ ЖУКТУРГАНДАР 94КӨ ЖЕТТИ
Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузуп алган дагы 10 адам аныкталды. Бул тууралуу 30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн пресс-конференция учурунда билдирди. Анын айтымында, вирус жаңы аныкталган 10 адамдын баары Жалал-Абад облусунун тургундары.
ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИ ТОКТОБОЙТ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды.
КОМЕНДАНТТЫК СААТ УЗАРТЫЛАБЫ?
Бүгүн өкмөттөгү онлайн маалымат жыйында коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Боронов, Саламаттык сактоо министри жана Ички иштер министри маалымат беришти. Анда Кубатбек Боронов 24 саатка коменданттык саат киргизүүнүн зарылчылыгы тууралуу айтып, учурдагы өзгөчө абал режими мурункуларга караганда айырмаланарын билдирди.
ӨЗГӨЧӨ АБАЛДА ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ИШИ ЧЕКТЕЛДИ
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат берди. Анда ал өзгөчө абалды чагылдыруу үчүн журналисттер аккредитациядан өткөрүлбөй калганын айтып, аларга онлайн иштөөнү сунуштады
“ЛИМОНТИНИ” ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮ ЖАРАН 2АЙГА КАМАЛДЫ
Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулаймановду өлтүрүү үчүн шек саналган Талгат Шамиев 28-майга чейин камакка алынды.