• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Кытай виза берүүнү жеңилдетти. Мыйзамсыз курулуштардын тагдыры эмне болот?

18 Бештин айы 2023 18:51 Бишкек Govori.TV

ТУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ ДОЛБООРУ КОМИТЕТТЕ КАРАЛАТ

19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин экинчи окууда каралат. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалат.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Бул демилге коомчулукта катуу талаш жаратып, талкууга алынган.

Ал эми Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан.

КЫТАЙ ВИЗА БЕРҮҮНҮ ЖЕҢИЛДЕТТИ

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытайга виза берүү тартиби жеңилдетилди. Мындай жыйынтык КР Тышкы иштер министрлиги кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилгендигин тышкы саясий ведомстводон билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2023-жылдын 17-декабрынан баштап Кытай Эл Республикасынын элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды. Элчиликтин Консулдук бөлүмү Кытай Эл Республикасынын визасын алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ишкерлерине, ошондой эле Кытай Эл Республикасына иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытай Эл Республикасынын визасын алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын жарандары чакыруусу, ошондой Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү/кайрылуусу болгон учурда Кытай Эл Республикасынын тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн кайрыла алышат.

Министрлик кытай тараптын Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кытай Эл Республикасына кирүү шарттарын этап этабы менен жеңилдетүүгө даярдыгын оң белгилейт.

АКЫЙКАТЧЫЛЫК КАМАКТАГЫ АКТИВИСТТЕРДЕН КАБАР АЛДЫ

кыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагына мониторинг жүргүзүп, камакта жаткан активисттер Афтандил Жоробеков жана Мелис Аспековдон да кабар алышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-декабрда билдирди.

Ага ылайык, Афтандил Жоробеков жаткан камерага 10 адам киргизилип, сегиз эле керебет коюлганы аныкталган. Тергөө изоляторунун кызматкерлери кармалган эки киши таңга маал алынып келгенин, ушул эле күнү башка мекемеге которуларын айтышкан.

Афтандил Жоробеков кармоо шартына жана ден соолугунун абалына даттанган эмес жана камакка алуу бөгөт чарасына макул эмес экенин, буга байланыштуу анын адвокаты кийинки инстанцияга апелляциялык арыз бергенин билдирген.

Тергөө абагынын кызматкерлери Мелис Аспековду 21-декабрда текшерүүдөн өткөрүш үчүн “Бикард” жеке менчик клиникасына жөнөтө турганын кабарлашкан.

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. ИИМ Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМ Мелис Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР

Республика боюнча 224 мыйзамсыз курулган объекттер аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Орунтаев мындан сырткары Бишкекте мыйзамсыз курулган 38 турак-жай эмне болорун айтты.

Эске салсак, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкармалык өткөн жумада сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган.

КОРДОЛГОН АСЕЛДИН МУРДАГЫ ЖОЛДОШУ АБАКТАН СМС ЖАЗГАН

Кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы жолдошу абактан SMS (билдирүү) жазган. Бул тууралуу Аселдин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

“УКМКга, ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылабыз, Аселдин мурдагы жолдошунда телефон бар, ал ачык эле SMS жазып жатат. Ал коомго коркунуч жарата турган адам. Аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранам” – деп айтылат видеодо.

Эске салсак, 20-сентябрда 36 жаштагы Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү тарабынан кордолуп кулак-мурдун кескиленген. Бул окуя коомчулуктун талкуусуна алынып, нааразычылыктарды жараткан. Келин буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 211