• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Кызамык күчөдү. Бишкекте жаңы таштанды талаасы ачылды

1 Жетинин айы 2023 18:21 Бишкек Govori.TV

МЭРДИН АЛМАШУУСУ

Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган Айбек Жунушалиев эмгек жамаатына тааныштырылды. Калаа башчысын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырган.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, кечээ Бишкек шаарынын мэри болуп экс-мэр Айбек Жунушалиев дайындалды. Мурдагы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров мэрлик кызматта болгону бир жылга жетпеген убакыт турду. Депутат Жумабеков мэрдин кызматтан кетиши күтүүсүз болгонун айтты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик кызматта жыйынтыкка жетишүү үчүн стабилдүүлүк болушу керек деген пикирде.

Мэрлердин бат-бат алмашуусу коомчулуктун сынына кабылып келет.

ЖАШТАР ДЕПУТАТТАРГА КАЙРЫЛДЫ

1-ноябрда өткөн маалымат жыйынында жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу өтүнүчү менен кайрылышты.

IDEA Central Asia уюмунун аткаруучу директору Айзат Русланова белгилегендей, калктын 34% жаштар, ал эми коммерциялык эмес жаштар уюмдары мамлекетке жаштарды өнүктүрүүдө жардам беришет.

«Жаш саясатчы мектеби» долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулу депутаттар сунуштап жаткан мыйзам жаштардын бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнө гана эмес, жалпы эле жаштарга терс таасирин тийгизерин, себеби алар менен ушул сыяктуу уюмдар гана кызматташарын, негизги багыттарынын бири мамлекеттик органдардын жана жалпы эле өлкөнүн ишине активдүү катышууга үгүт жүргүзүү экенин белгиледи.

Эске салсак, 25-октябрда депутаттар «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алышкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан. “Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

КОНФИСКАЦИЯЛАНГАН ТАВАРДЫ САТКАНДАР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 миң 738 кг салмактуу болжолдуу баасы 48 млн 706 миң 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

“18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан”, — деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында 31-октябрда “Бажы инфраструктурасы” Түштүк филиалынын кызматкери жана Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышка шектүү делип кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КЫЗАМЫК БОЮНЧА КЫРДААЛ

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамык боюнча абал курч экенин, балдар арасында көп катталып жатканын билдирди.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Эң көп катталгандар Бишкек шаарында Ош шаарында.

Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган.

Кошумчалай кетсек, инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76% түзөт.

ТАШТАНДЫ ПОЛИГОНУ АЧЫЛДЫ

Бишкек шаарында улуттук жана европалык экологиялык-санитардык стандарттарга ылайык курулган жаңы таштанды полигону ачылды. Маалыматта айтылгандай, көлөмү 1,9 млн метр куб полигон жакынкы он жылда Бишкекке катуу тиричилик калдыктарын коопсуз жок кылууга мүмкүндүк берет. Полигондун гидроизоляциялык тутум менен жабдылышы фильтратты (кескин жыттуу булганган суюктукту) тосуп калууга жана тазалоого, анын жер астындагы сууга кошулуп кетүүсүнө жол бербейт.

Санитардык полигон Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин демөөрчүлүгү астында ишке ашты. Биринчи мекеме бул үчүн 22 млн евро насыя, экинчи мекеме 8 млн евро грант бөлдү. Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасы бөлүнгөн каражатка таштанды чогултуучу заманбап автоунааларды жана алардын ишин мониторинг кылуу үчүн GPS навигация тутумун сатып алды.

Количество просмотров: 486