• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Малга салык салуу сунушталды. Бакиевдин маегинен кийин апрелчилер көчөгө чыкты

23 Бугу 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МОСКАВАГА БАРАТ
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Орусия баш калаасы Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, Жапаров 24-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” аталган Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына катышат.
25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары жолугат. «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Евразия экономикалык форуму алгачкы жолу 2022-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн. Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

МАЛГА САЛЫК САЛУУ СУНУШТАЛДЫ
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом.
Ошондой эле айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.
Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 % жергиликтүү бюджетке түшөт.

АПРЕЛЧИЛЕР ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?
Бүгүн, 23-майда Бишкектеги 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын эстелигинин жанына 20дан ашык адам чогулду. Алар мурдагы президент Курманбек Бакиев менен УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин маегине нааразы болуп, бийликке кайрылуу жолдошту.
Була арада Улуттук телерадио берүү корпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиев мурдагы президент Курманбек Бакиев менен болгон маеги коомчулукта нааразылык жаратканына байланыштуу кызматынан кеткени кабарланды.
Эске салсак, 15-майда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган.
Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.
Ал эми Кошалиев өз дарегине айтылган сындарга жооп берип, эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын айткан.

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ
Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысынан ал органдагы финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.
19-майда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн кызматкер кармалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.

ЖАҢЫ МАШЫКТУРУУЧУ МЕНЕН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН
Бүгүн, 23-майда өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы машыктыруучусу Штефан Таркович футболчуларга койгон талаптарын атады. Анын айтымында, машыктыруучу штаб өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кураманын акыркы 7 оюнун көрүп чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалган словакиялык Штефан Таркович менен Кыргыз футбол бирлиги 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн.
50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.
2013-жылдан 2020-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болуп келген.

Количество просмотров: 123