• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Матраимов өкмөткө нааразы. Абылгазиевдин өкмөтүндө алмашпаган Разаков эле калды

5 Бирдин айы 2020 19:46 Бишкек Govori.TV

АСАНАКУНОВ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕДИ
Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов кызматынан четтетилди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

МАТРАИМОВ НААРАЗЫ
Депутат Искендер Матраимов Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн бюджети дотациядан чыкпай жатканына нааразы болуп өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

МЭРЛЕРДИН СОТУ
Бишкек шаардык соту мурдагы мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов боюнча ишти 7-февралда карай баштайт. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

САЛЯНОВДУН СОТУ ЖЫЛДЫ
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иш боюнча отурум улантылды.

Бул жана башка жаңылыктарды «Күндүн ыргагынан» көрө аласыздар!

Количество просмотров: 220