• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мектептеги китеп жетишсиздиги талкууда. Бишкекте жол кире дагы кымбаттайбы?

5 Аяк оона 2023 17:58 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАД ИШИ

Бүгүн, 5-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук өттү. Отурумга абактагы саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, жана саясат талдоочу Айданбек Акматовдор жеткирилди.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок. Натыйжада Айыпталуучулардын бири Эрлан Бекчоро уулу процесске келбегендиктен кийинки соттук жараян 13-сентябрга белгиленди.

Сотко жеткирилген Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов кыскача комментарий берип жетишти.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы, активисттердин «сыз жерде кармап жатышат» деген билдирүүсү боюнча Govori.TVга комментарий берди. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева билдиргендей, абактарда кыйноого жол берилбейт.

«Абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармалат. Эч кандай кыйноолорго жол берилбейт. Көзөмөлдү жогору турган органдар, прокуратура жүргүзөт. Алардан тышкары Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы борбор, парламент контролдоп турат»,-деп билдиришти мекемеден.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

ШЫКМАМАТОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА БАРДЫ

Алмамбет Шыкмаматов «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн директорлор кеңеши кабыл алган.

Буга чейин Аида Төлөгөнова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси кызматын аркалап келген. Ал кызматта иштегенине 2,5 жыл болду.

Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын январынан бери Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп келген.

КӨКБӨРҮ ОЮНУНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көк бөрү оюнуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, Маданият министрлигине, «Көк бөрү» Эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге жана «Көк бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиевге кайрылды.

Ал Оштогу көк бөрү оюнунан кийин болгон тополоң көк бөрүгө заман талабына ылайык жаңы жүз берүү керектигин көрсөткөнүн белгилеген.

Ал мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, клубдук командаларды түзүүнү сунуштап жатат. Клубдук команданын мүчөлөрү ар бир региондон тандалат. Эл өкүлү мындай өзгөрүү элдин аймак аралык бөлүнүүсүн алдын аларын айткан.

Эске салсак, Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан. Жаңжалга байланыштуу милицияда баш-аягы 65 киши суракка алынды. Алардын ичинен 9 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген.

КИТЕП ЖЕТИШСИЗДИГИ

Социалдык тармактын колдонуучулары мектептерде окуучуларга китеп жетишсиз болуп жатканын айтып, ошол эле китептердин базарда сатылып, мектептерде жок болуп жатканына нааразы болушууда.

Бул арада Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев 2023-жылы жаңы окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом каралганын айтты.

ЖОЛ КИРЕНИ КӨТӨРҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул демилге учурда коомдук талкууга коюлганын, жол киренин баасын болжол менен 20-22 сомго көтөрүү сунушталганын маалымдады.

“Азыр ыңгайлуу, кенен, экологиялык жактан талаптарга жооп берген автобустар каттай баштагандан кийин анын жол киреси жок дегенде өзүн актасын деп жатабыз. Себеби автобустар өзүн-өзү актабаса, 2-3 жылда эскирип, аны кайра каржылоо кыйын болуп калат ”, — деп билдирген вице-мэр Максатбек Сазыкулов.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган 1000 жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.

Количество просмотров: 150