• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Митингде жүрүп кресло алгандар. Мадумаров президенттикке аттанды

30 Тогуздун айы 2020 18:08 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=qXaKh-N5vTc&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2quabEXJr00e4LqMcaWWTlvlZHgLq4VOmjB49YSxu1y6t4Fc9Yv0U9DAs

МАДУМАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО БАРАТ

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо талапкерлигин коет. Бул тууралуу ал өзүнүн маалымат жыйынында билдирди.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 596 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, каза болгон жарандар Жалал-Абад жана Баткен облусунда катталды.муну менен өлкө аймагында  коронавирустан 1 миң 142 жаран көз жумган.

САЛЫККА КАРЫЗЫ БАР ИШКАНА АНЫКТАЛДЫ

Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНДАН ЖАРДАМ СУРАДЫ

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту.

Руслан Казакбаев Кыргызстанда кырдаал турукташып калганын айтып, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

ЧЕК АРАЧЫЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТЕЙТ

Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө өттү.

Маалым болгондой, күчөтүлгөн режим президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2020-жылдын 29-октябрында саат 20.00дөн тарта башталды.

ЭНЕРГЕТИКТЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бишкекте бүгүн, 30-октябрда «Түндүкэлектр» ААК ишканасынын кызматкерлери Улуттукэнергохолдингдин алдына митингге чыгышкан. Андан соң алардын нааразычылык акциясы Өкмөт үйүнүн алдында уланды. Алардын айтуусуна караганда, кызматтан алынган директор жакында эле дайындалган жана жумуш шартын жакшырта баштаган болчу.

Количество просмотров: 351