• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Митингдерди чектеген чечим дагы 3 айга узарды. Ташиев менен Ятимов Баткенде жолукту

12 Үчтүн айы 2024 17:58 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО

12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүүдө. Анда Ташиев тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте уланта турганын билдирди. Жолугушууда Ятимов чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Ташиев менен Ятимов буга чейин былтыр 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда экөө атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен.

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун буга чейинки жолугушуусу былтыр 17-декабрдан 23-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өтүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы боюнча макулдашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда, жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

 «KG ГРУППТУН» ЛИЦЕНЗИЯСЫ АЛЫНАБЫ?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөө жарыялаган ишкер Имамидин Ташов негиздеген KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу 12-январда Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, Бишкекте KG Group ишканасы курган 9 объект бар. Анын ичинен үч көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген. Калган үйлөрдүн документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына элек. Бирок аларда адамдар жашап жатат.

“Азыркы учурда тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. KG Group компаниясынын лицензиясын кароого мажбур болуп жатканыбызды ачык эле айтып коёюн”, — деди Нурдан Орунтаев.

Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, KG Group курулуш компаниясы 2012-жылы түзүлгөн.

Бул ишканадан үй алган бир нече адам 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулуп, президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Компаниядан үй сатып алган көп кабаттуу турак жайдын жашоочулары каражатты толук төлөп бергени менен ушул күнгө чейин курулуш иши аягына чыга элек экенин айтышкан.

10-январда УКМК KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген.

 “ЖЕР МАФИЯСЫН” ТҮЗГӨН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Сокулук районунда “жер мафиясын” түзгөн деп шектелген эки киши жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы үч кызматкери кармалганын билдирди.

УКМК кабарлашынча, “жер мафиясын” уюштурган деп камакка алынган Ош облусунун тургуну Ж.Н.К. башка адамдарга каттаткан (аффилирленген) 300 гектардан ашык жерге ээлик кылган.

Тергөөдө “жер мафиясын” түзгөндөр жалпы Чүй облусунан 300 гектардан ашык жерди (баасы 7 млрд 249 млн 500 миң сом) кызмат адамдары аркылуу мамлекеттик жана жеке менчиктен мыйзамсыз алып, саткан коррупциялык схема бар экени аныкталган.

“Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр”) Сокулук филиалынын жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустардын ортосунда сүйлөшүүсү аркылуу жер участокторунун жасалма документтерин берүү менен, кийинчерээк жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз мамлекеттик актылар чыгарылган”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

ТАШИЕВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, күйөөсүнүн колунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин окуясы боюнча кыз-келиндерге кайрылды.

«Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде, сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!
Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!
Эне бар, үй бүлө бар, Мекенибиз болот», — деп жазган Ташиев.

Эске салсак, Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында жолдошунун ур-токмогунан 23 жаштагы келин каза болгон.

Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалган.

23 жаштагы Айкыз Калмурза кызынын жакындарынын айтымында, ал 2023-жылы июнь айында күйөөсүнүн токмогунан кийин ооруканада он күн дарыланып, окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

МИТИНГ ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУ

Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 31-мартка чейинки аралыкка узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылы мэриянын муниципалдык администрациясы Орусия элчилигинин имаратынын жанында, Ала-Тоо аянтында, ЖК, президенттик администрация жана УКМК имараттарынын жанында тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

Акцияларды Максим Горький атындагы аянтта өткөрүүгө уруксат берилген.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат. Соңку чектөө 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп аныкталган.

Количество просмотров: 418