• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Окуучуга жык толгон мектептер. Митингдерге тыюу салынды…

5 Аяк оона 2022 19:20 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР РАСМИЙ ТИЛДЕ БАЯНДАМА УГУУДАН БАШ ТАРТЫШТЫ

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутаттар орус тилинде баяндама угуудан баш тартышты. Комитеттин бүгүнкү жыйынында Салыктык эмес кирешелер тууралуу кодекске өзгөртүүлөр боюнча баяндама угулмак. Мыйзам долбоорунун демилгечилери баяндаманы орус тилинде даярдап келген.

Жыйында айрым депутаттар мындан мурда баяндамаларды кыргыз тилинде жасоо тууралуу чечим кабыл алынганын эскертип, аларды көрүп жаткан адамдардын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөн жарандар экенин белгилешти.

МАМЛЕКЕТТИК ДОКУМЕНТТЕРДИ КЫРГЫЗЧАЛАШТЫРУУ

Президент Садыр Жапаровдун буга чейин улуттук нарк тууралуу жарлыкка кол коюп, өлкөдөгү бардык тармактагы документ иштери кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деген талабы коюлган. Талап боюнча үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин ишке ашыруулусу керек болчу.  Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев бул жаатта иш толугу менен аяктай электигин айтат. Ал белгилегендей, президенттин жарлыгын толук ишке ашырууга атайы берилген убакыт аз болуп калган.

198 ОКУУЧУГА ЫЛАЙЫКТАЛГАН МЕКТЕПТЕ 1000ДЕН АШЫК БАЛА ОКУУДА

Бишкек шаарынын мэриясы президенттин тапшырмасы менен жаңы 5 мектеп салып, 2 мектепти оңдоду. Калган 8 мектептин жанына кошумча имараттарды курду. Алардын бири сиздер көрүп турган Ак-Бата конушундагы номер 43-толук эмес орто мектебинин жанына кошумча имарат салынып, анда мугалимдер отуруучу бөлмөлөр, спорттук зал жана китепкана орун алган. Ал эми аталган билим уясынын мурунку имараты болгону 198 окуучуга гана ылайыкталганына карабастан, учурда 1000ден ашуун бала 4 кезек менен билим алууда.

ДИРЕКТОР ТАНДООНУН ООШ-КЫЙЫШЫ

Мектеп директорлугуна талапкерлердин сынагынын биринчи айлампасы аяктады. 966 мектептин жетекчиси кызматы үчүн 2000ден ашык талапкер документ тапшырган. Жыйынтыгында сынактан алардын 35% гана өттү. Кошумчалагандай, тестирлөөнүн экинчи айлампасы сентябрдын экинчи жарымында башталат.

Эске салсак, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандала турган болгон. Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталган. Жарлыкка ылайык, беш жыл жетекчилик кызматта иштегендер жумуштан бошотулат.

МИТИНГГЕ ЧЫГУУГА ТЫЮУ УЗАРДЫ

Бишкектеги Биринчи май райондук соту борбордук аянтта, өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин жана Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюунун мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартты.
Биринчи май райондук соту ушул жылдын апрель айында шаардын борборунда тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-сентябрга чейин тыюу салган. Анда сотко аталган райондун акимчилиги «ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында»деген жүйө менен кайрылганы белгилүү болгон.
Жарандык коомдук өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

КАЙРАДАН МАЛ АТКЕЗЧИЛИГИ КАТТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында 160ка жакын бодо мал, дагы 170тен ашык майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун аймагында болгон. Кармалган малдын баасы болжол менен 10 миллион 460 миң сом деп эсептелди. Чек арачылар 39 жаштагы эки кыргыз жараны мал айдап өтүү аракетин кылып жатканда кармашкан.

Чек ара кызматы өткөн аптада кыргыз-казак чек арасында, Чүй облусуна караштуу Кемин районунун аймагында бодо мал аткезчилиги катталганын билдирген. Алдын ала эсепке ылайык, кармалган малдын баасы 4,5 милилон сом деп эсептелген.
Буга чейин бодо мал аткезчилиги кыргыз-өзбек чек арасында да бир канча жолу катталган.

Количество просмотров: 640