• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Орусиядан көчүрүлгөн мыйзамдар сынга алынды. Оштогу журналисттер Жапаровго кайрылды

13 Кулжа 2023 18:25 Бишкек Govori.TV

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги жаңы Аскердик доктринасын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Садыр Жапаров маалымдап, аталган документти иштеп чыгууну жеке көзөмөлүнө алганын айтты.

Жыйында берилген маалыматка ылайык, жаңы Аскердик доктрина өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, коопсуздугу татыктуу деңгээлде камсыздалмакчы. Кыргызстандын Аскердик доктринасы 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган.

Президент Жапаров Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине кеңири токтолуп, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында бир катар заманбап курал-жарактар, аскердик техникалар алынганын белгиледи. Мунун баары коргонуу максатында гана жүзөгө ашып жатканын айтты.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын журүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  сөз сүйлөп  бардык аскер структураларында тартипти камсыз кылуу зарылдыгын белгилөө менен бөлнгөн каражатты максаттуу пайдалануу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында бир катар имараттар стратегиялык объектилердин тизмесине кирди.

Алардын катарында,  “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы;  “Учкун” ачык акционердик коому; “Госзнак” жоопкерчилиги чектелген коому; жана  Башкы прокуратуранын эң маанилүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдары (дата-центр) жайгашкан айрым имараттар бар.

СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Бүгүн, 13-июнда «Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары» аталышындагы тегерек стол уюштурулду.

Жогорку Кеңештин депутаттары, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана медиа эксперттер катышкан жыйында демилгеленип жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам жана «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдардын тобокелдиктери талкууланду.

Жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору жарандык коом менен мамлекетке чоң зыян алып келет деген шектенүүлөр бар экенин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Президенттик администрация демилгелеген «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлоруна активисттер жана жарандык коом тынчсыздануу билдирип келет.

ИСАКОВДУН САБАЛЫШЫ: ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ

Оштогу медиа коомчулук эркин журналист Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча кайрылуу таратып, бул окуяны сөз эркиндигине урулган сокку деп билдирди.

Ондогон журналисттер кол койгон кайрылууда, Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы — журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку деп сыпатталып, бул ишти президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алуусун талап кылышты.

«Бул кылмышты президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алып, кылмышка шектелип аткан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов мыйзам чегинде жазалануусу керек.», — деп жазылган кайрылууда.

Журналистке кол көтөргөн окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялаган. Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке кол көтөргөн Койчукуловдун чыры боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушул тапта  Ютуб порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. 

СЕЛ УНААНЫ АГЫЗЫП КЕТКЕН

12-июнда кечинде Баткен жана Кадамжай районунун бир катар айылдарында катуу жаан жаап, сел жүрдү. Кадамжай шаарында сел «Матиз» үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар анын айдоочусун куткарып калганын, учурда ал ооруканада дарыланып жатканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анын абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Селдин кесепетинен Кадамжай районундагы Орозбеков, Масалиев, Көтөрмө айыл аймактарында, Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут айыл аймактарындагы ички жолдор, көпүрөлөргө зыян келтирилген. Сел жергиликтүү тургундардын эгин талааларын да каптаган.

Жарандык коргонуу комиссиясы азыр чыгымдарды тактап жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги селден улам жабылып калган Ош-Баткен-Раззаков жолундагы Охна участогу, Жийделик-Ак-Кыя жана Бел-Божой жолу толугу менен ачылганын 13-июнда билдирди.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗ-ООГАН БЕТТЕШИ

Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Афганистан беттешинде орун окуя боюнча чечим чыгарды.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, аталган оюн учурунда афган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.

Чечимде айтылгандай: Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды; Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Афганистандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди жана Афганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).

Эскерте кетсек, беттеш 10-июнда Бишкекте өтүп, 1:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын пайдасына аяктаган. Бирок 97-мүнөттө гол киргизгенден кийин Ооганстан курама командасынын башкы машыктыруучусу нааразычылык ирээтинде оюнчуларын талаадан чыгарып кеткен.

Количество просмотров: 132