БИР СУТКАДА 69 АДАМ ВИРУС ЖУКТУРДУ
Бүгүн 1-июнга карата жаңы 69 учур катталды. Жалпы өлкө боюнча коронавирус жугузгандар 1817ге жетти.
САКТАЛБАГАН ЭРЕЖЕ
Коронавирустан сактануу эрежелери бар бирок аны сактаган эч ким жок. Бишкек шаарынын мэриясы текшерүүлөрүн өткөрүп келет. 1-июнга борбор калаа кандай киргени тууралуу кийинге материалда көрө алабыз.
АТАМБАЕВ ЭМИ СОТКО КАТЫШПАЙТ
Бүгүн күндүн жаңылыктары дагы бир чырлуу окуя менен коштолду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Атамбаевдин боштондугун жана камалуусун талап кылган эки жоон топ эл топтолуп, митингге чыгышты. Ал эми соттук отурум учурунда Кой-Таш окуясы менен Батукаевдин ишин бириктирип кароо сунушу айтылса, мурунку президент Атамбаевди судья сот залынан чыгарып ийди. Бул тууралуу кененирээк Нур Абдижажип уулу айтып берет.
ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫРДЫ ЭКИ ТАРАП БИРГЕ ИЛИКТЕЙТ
Ал арада кыргыз-өзбек чек арасындагы чырды чечүү максатында өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов Баткенге барды. Чыр чыккан аймакка барган Боронов коңшу өлкөнүн премьери менен жолугушту.
ПРЕМЬЕРДИН МӨӨНӨТСҮЗ СОЗУЛГАН ӨРГҮҮСҮ
Коронавирус жугузгандар көбөйүүдө, чек ара маселеси күчөп жатат. Ал эми бул оор мезгилде кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кеткен премьердин жоктугу сезилүүдө. Ал эми коомчулукта өкмөт башчы качан ишке чыгат деген суроолор көбөйүүдө, ал эми анын эс алуусу качан аяктаары тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы да айта алышпайт.