• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент Байсалов менен Максүтовдун ишине нааразы. Зомбулук маселеси парламентте көтөрүлдү

27 Аяк оона 2023 18:33 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БЕРЛИНГЕ БАРАТ

Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган «ГФР – Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

«Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

БАЙСАЛОВ МЕНЕН МАКСҮТОВ ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берди.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы 27-сентябрда билдиргендей, мындай чечим Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алуу «жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы үчүн» кабыл алынган.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал тагынды. Балбандар 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.

Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы  күмүш алып, Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу  эркин күрөштөн коло медалга ээ болду.

Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир күмүш жана бир коло менен жалпы командалык эсепте Жапония менен АКШдан кийин үчүнчү орунду ээледи. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты.

26-сентябрда Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медал алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

СУДЬЯЛАР ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьяларын  кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Мындай сунушту Башкы прокуратура киргизген. Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” беренелери менен иш козголгон.

Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго аларды кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизди.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди. Маалыматта, шаардык соттун айрым судьялары оң чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышканы аныкталганын кабарлаган.

Кармалган судья Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязова Назгүл Асанбековна экени айтылууда. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.

Ал эми бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары экинчи судья Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич экенин жазышты.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу маалыматтын социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылышын көзөмөлдөө керектигин айтып, Ички иштер министрлигине кайрылды.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда Селекция аймагында жашаган аял мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы жаран кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Келиндин кулак-мурду кесилгени кабарланып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Бул окуядан кийин зордук-зомбулук маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, ал эми айрым ЖК депутаттар зөөкүрлүккө жазаны күчөтүү керектигин айтышууда.

Количество просмотров: 149