• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент кайрылуу жасады. Байсаловду кызматтан алуу сунушталды

28 Чын куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Учурда талкаланган 418 үйдүн 381и бүткөрүлдү, калгандарын калыбына келтирүү жаатында курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары жапа чеккен жарандардын насыя берүүчү мекемелерге болгон 31 млн сомдук карызы жоюлуп, 63 млн сомдук насыялык келишимдердин шарттары жеңилдетилди. Каргашалуу окуяда эл-жери үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жабыр тарткан жарандарга мамлекет тарабынан компенсациялар төлөнүп берилди. Бул багытта даректүү жардам чаралары дагы улантылат» , — деди Садыр Жапаров.

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында катталган кандуу окуяда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган.

2022-жылы 14-17-сентябрдагы чек ара окуясында 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

ДЕПУТАТТАР БАЙСАЛОВГО НААРАЗЫ

Бүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракция менен «Мекенчил» депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүп, анда өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн дарегине сындар айтылды.

Ал эми депутат Надира Нарматова Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эдил Байсаловго кызматын тапшырууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эдил Байсаловго чара колдонууну буга чейин дагы талап кылышып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылышкан.

КАЙРА ШАЙЛОО: ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО АЯКТАДЫ

28-апрелге карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 47 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырып, алардын үчөө арыздарын кайра кайтарып алды. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча учурда 44 адамдын арызы кабыл алынган.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктаган. Шайлоо 28-майда болот.

БШКга талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендердин арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Акин Токталиев абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков, активист Илгиз Шаменов жана башкалар бар.

Эске салсак, Ленин округунан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген. Мындан улам ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

КЕМПИР-АБАДЧЫЛАР “АЗАТТЫК” ТУУРАЛУУ…

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү соттун “Азаттык” медиа мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча чечими тууралуу билдирүү таратышты. 28-апрелде чыккан билдирүүдө “Азаттык” радиосу 70 жылдан бери так маалыматты таратып келатканы, советтик тоталитардык системанын жана андан кийинки авторитардык режимдин учурунда да медиа өзүнун миссиясынан баш тартпаганы айтылган.

“Азыркы өкмөттүн эркиндикке басым кылганы — элдин маалымат алууга болгон укугуна, эркин массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгына жана демократиялык келечекке чоң сокку. Бул авторитардык бийликти күчтөндүрүү, коррупцияны калкалоо жана эффективдүү эмес башкаруу”, — деп айтылат кайрылууда.

Комитеттин мүчөлөрү президент Садыр Жапаровду буга чейинки президенттердин катасын кайталабоого чакырышкан.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы  “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

СУУГА АГЫП КЕТКЕН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Кара-Кулжа: Сууга агып кеткен жаранды 50 куткаруучу издөөдө. «Мырза-Аке – Кара-Кулжа — Алайкуу» жолунда бараткан УАЗ үлгүсүндөгү унаа Күйүктүн белине жеткенде жолдон чыгып кетип, Тар суусуна кулап түшкөн.

Маалыматка караганда унаада эки адам болгон. Жанындагы адам унаанын ичинде калып, айдоочу терезеден чыгып, сууга агып кеткен. Агып кеткен адамды табуу үчүн кечээ 79 адам чыгып, кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө токтотулган.

Издөө бүгүн да уланууда. Бүгүн ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМдин райондук бөлүмүнөн 10 кызматкер жөнөтүлгөн. Андан тышкары жергиликтүү тургундардан 30 адам да издөө иштерине кошулган.

Количество просмотров: 235