• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Күндүн ыргагы: Президент соодагерлердин дооматтарын укту. Таштанды таштагандар айыпка жыгылат

5 Бештин айы 202318:05 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ СООДАГЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болгон соодагерлер менен жолугушууда.

Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышып, бир катар нааразы пикирлерин айтышты. Чогулгандардын суроо-талабын уккан президент Жапаров 2 күндөн бери бул маселени изилдеп чыкканын айтты.

Жолугушуу учурунда сөз алган ишкер президентке кайрылып, ККМге эмне үчүн каршы болуп жатышканын айтты. Ишкердин айтымында, ККМ жана ушул эле өзгөчө режим ишкерлердин ишине бут тосот. 

Соодагерлер салык боюнча жаңы саясатка каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылып, бир катар наразычылык акцияларын өткөрүшү.

Бүгүн, 5-декабрда да Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышкан.

Кошумчалай кетсек, нааразычылк акциялардан соң президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО…

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору чек аранын 24,01 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өттү. Жыйынтыгында тараптар кыргыз-тажик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты.

Чек аранын калган тилкелери боюнча жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында уланат.

Бустондогу жолугушууга 1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов да катышканы кабарланган. Камчыбек Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча жалпы чечимге жакындады деген пикирин айткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 чакырым такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

ДЕПУТАТТЫН ИШИ ЖАНДАНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иш кайра жандандырылды. Маалыматты депутат өзү тастыктады.

Анын айтымында, убактылуу токтотулган иш жандандырылды.

«Иш көптөн бери сотто каралып жаткан, болгону Конституциялык палатага түшүндүрмө берүүнүн негизинде кароо убактылуу токтотулган. Бүгүнкү күндө жооп алынды»,-деди Жамгырчиев.

Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы ошол кездеги Каржы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев “ыплас ушак” деп атап, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

СОЙКУКАНАЛАРДЫ КАЛКАЛАГАН МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Сойкуканаларды калкалаган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМК жана Жалал-Абад облусунун ИИБнын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн, каржылоо булактарын жоюу, ошондой эле кылмыштуу аракеттерге багытталган акча агымдарын кыскартуунун алкагында, Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген “сойкуканалар” аныкталды. Ал жерде КР ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин калдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталды.

«ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Жалал-Абад облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, милициянын майору менен бирге сойкуканалардын ишмердигине колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштуруп, ал үчүн ай сайын акчалай сый акы алып турушкан. Жалал-Абад облусунда жалпысынан 30га жакын ижарага алынган батирлер, 2 сауна, 5 мейманканалар интимдик кызмат көрсөткөн. Бул ишке, кыздар республиканын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде Коңшу мамлекеттерденда тартылып турган», — деп айтылат маалыматта.

ТАШТАНДЫНЫ ТУУРА ЭМЕС ТӨККӨНДӨР АЙЫПКА ЖЫГЫЛАТ

Свердлов районунда санитардык нормаларды бузгандарды аныктоо, анын ичинде таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгаруу боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, Свердлов районунда жеке секторлордо «Тазалык»муниципалдык ишканасы ишке ашырып жаткан таштандыны чыгаруунун өз графиги белгиленген. Чарбакер субъекттерге келсек, алар таштандыны чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен келишим түзүшү керек. Эрежелерди бузгандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Муниципалдык администрация шаардыктарды жана борбордун конокторун Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат жана таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн 5500 сомдон 23000 сомго чейин өлчөмүндө айып пул каралгандыгын эскертет.

Количество просмотров: 86