• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президенттик шайлоо кайрадан өтөбү? Жапыкеев дагы камоолор болоорун айтты

12 Үчтүн айы 2021 19:07 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО КАЙРАДАН ӨТӨБҮ?

Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну колдоду.  Айрым саясатчылар менен эксперттердин ортосунда  азыркы Баш мыйзам боюнча шайланган президенттин мөөнөтү менен ыйгарым укуктарынын жаңы Конституцияга шайкештиги талкууга түштү. Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов «Жаңы Конституция кабыл алынганда иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө кеңейбейт, ошондуктан ал кайра шайланышы керек» деген пикирин айтып чыкты.

ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМДУН РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫГЫ КАЧАН ЧЫГАТ?

Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, негизинен шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берилгенден кийин 20 күндүн ичинде жарыяланат.

БШКГА ТАЛАПКЕРЛЕР НААРАЗЫ

Президенттик шайлоодо ат салышкан Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Каныбек Иманалиев БШКга кайрылып, коомчулуктун жана шайлоого катышкан талапкерлердин катышуусунда автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды кайра тестирлөөнү талап кылышкан. Бул тууралуу Мадумаровдун билдирүүсүндө айтылат.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

12-январга карата Кыргызстанда дагы 115 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Каза тапкандардын экөө Бишкекте, бири Ысык-Көл облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

ПАНДЕМИЯГА БАЙЛАНЫШТУУ АТКАМИНЕРЛЕР СУРАЛАТ

Кыргызстандын экс-премьер-министри Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына сурак берүүгө келди. Боронов суракка кирип баратып журналисттерге кайсы ишке байланыштуу чакырылганын билбей турганын, пандемия маалындагы сатып алууларга тиешелүү болушу мүмкүндүгүн айтты. Бирок ал кезде өкмөт жакшы иштегенин кошумчалады.

СОЦФОНДДУН ТАЛАСТАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси Ы.И.С. 70 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Сузакта айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкаганда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 3445