• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Президенттикке талапкерлер эмнеге нааразы? Текебаев менен Жапаров бирин-бири айыптады

24 Жетинин айы 2020 19:16 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ТАНДООНУ СУНУШТАДЫ

Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда “Жетинчи каналга” курган маегинде билдирди. Ал 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоорун “10 жылдан бери талкууланып келе жаткан документ” деп атады.

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрдү. Президенттикке талапкерлердин бири Равшан Жээнбеков: «БШК логикага туура келбеген талаптарды коюп жатканын айтты.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун жана дагы бирөө Чүй облусунун тургундары болчу.

АКИМ КАРМАЛДЫ

 Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кечирим сурады. Ал соцтармакка билдирүү жарыялап, “Октябрь районунун аким Куценко үчүн кечирим сурайм”, – деп жазган.

Эске салсак, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

ЖАПАРОВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВ БИРИН-БИРИ АЙЫПТАДЫ

Садыр Жапаров 7-каналга курган маегинде бир топ суроолорго жооп берген. Маек учурунда ал Өмүрбек Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алганын далилдеп бере ала турганын айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун айткандары тууралуу өз пикирин айтып, Жапаров басмачылык саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт.

ГИМНДИН АВТОРЛОРУНУН БИРИ КАЗА БОЛДУ

Кыргызстандын Гимнинин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында көз жумду. Маркумдун жакындарынын маалыматына караганда, ал оорудан улам каза болду.

Количество просмотров: 479