• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Рахмонду наамынан ажыртуу талабы айтылды. Чек ара чырындагы чыгым канча?

20 Аяк оона 2022 18:29 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАГЫ АБАЛ

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштин алкагында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен ушул жылдын 19-сентябрында  жолугушкан

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

20-сентябрга карата абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Кечеки түн тынч өтүп, атышуу болгон жок. Учурда чек ара тилкелери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучулардын жалпы саны 198ди түзүп, анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт. Ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда.

БАТКЕНДЕГИ ЧЫГЫМ КАНЧА?

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда Баткендеги үйлөр, жада калса социалдык имараттар кыйрады. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев Тажикстандын аскердик агрессиясынан Ак-Сай айылында болжол менен 180 үй жараксыз абалга кептелгенин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тажик тараптын кол салуусунан келтирилген зыян тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Баткенде жалпы 300дөн ашык турак жай талкаланып, өрттөлгөн. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүндүгү белгиленди, себеби ӨКМдин комиссиясы толук изилдеп бүтө элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда келтирилген материалдык чыгым болжол менен 1,5 миллиард сомду түзөт.

ЧЕК АРА ЧЕЧИЛБЕСЕ КАЙТЫП БАРУУ КАЖЕТ ЭМЕС…

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган жарандардын айрымдары Бишкекке алынып келинген. Жараат алган аскер кызматкерлеринин учурдагы абалы орто оор деп бааланууда. Алардан окуя тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, аскер кызматкердин жакынынан сурап көрдүк.

Аткылоо амалы чек ара тургундары үчүн кадыресе эле көрүнүшкө айланып калган. Ал күнү да куралдардан чыккан тарсылдаган үндү уккан бул жаран үй жумушу менен алектенип жүргөн кезде минометтун чачырандысы тийип, жараат алганын айтат.

РАХМОНДУ НААМЫНАН АЖЫРАТУУ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары Бекешев Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүн мекен чегинде эрдик көрсөтүп мерт болгон Эламан Ураимовдун ысымына өзгөртүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарган.

БАЛБАНДАР КАЙТЫП КЕЛДИ

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди.  Курама команданы Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Алгач, спортчулар Баткендеги шейит кеткен жоокерлерге куран окуп, алардын мекен үчүн кылган эрдигин эскеришти.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.

Количество просмотров: 479