• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сегизбаевге козголгон иштер тизмектелди. Жаңы муфтий качан шайланат?

12 Бирдин айы 2021 19:38 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза тапты. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

МУФТИЙДИН МИЛДЕТИН ШАРГАЗЫЕВ АТКАРАТ

Муфтийдин милдетин Жоробай Шаргазыев аткарат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

“Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда шайлоого чейин анын орун басары муфтийдин милдетин аткарат. Учурдагы орун басар — Жоробай ажы Шаргазыев”,-деп билдирди маалымат катчы.

МУФТИЯТТЫН БУХГАЛТЕРИ КАМАЛДЫ

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы бухгалтери  УКМКнын тергөө абагына 2021-жылдын 10-апрелине чейин сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

СЕГИЗБАЕВГЕ КОЗГОЛГОН ИШТЕР

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан алты иш тергелип жатат. Бул тууралуу 11-февралда Башкы прокуратура кабарлады.

«ДЖЕНГО» КАМАКТА КАЛДЫ

“Дженго” каймана аты менен таанымал Кадырбек Досонов эки айга камакка алынды. Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдиргендей, шектүү ушул жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

ӨЛҮМДӨН КИЙИН УЛАНГАН ӨМҮР

 Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак. Бишкекте Эгизбаев атындагы кайрымдуулук фонду тузулдү.

Количество просмотров: 498