• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шайды оодарган кайра шайлоо. ЖКнын сайтын хакерлер бузуп, 10 миң доллар талап кылды

19 Тогуздун айы 2020 19:45 Бишкек Govori.TV

ШАЙДЫ ООДАРГАН КАЙРА ШАЙЛОО

Өлкөдө ажо алмашкандан кийин президентти шайлоо милдети бар. Мындан сырткарыпарламенттик шайлоо өтүш керек. БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону белгилөө — шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилгенден кийин дайындала турганын билдирет.

БАШАЛАМАНДЫКТА КЫЗМАТЫН ТАШТАЙ КАЧКАН ЖЕТЕКЧИЛЕР

4-октябрда өткөп парламенттик шайлоого нааразы болгондордун  каршылык акциясы башаламандык менен коштолуп, натыйжада митингчилер Ак үйдү бастырып кирп, талкалап, абактагы бир катар саясатчылар чыгарылган. Ал эми иштеп жаткан айрым мамлекеттик органдар башчысыз калышкан.

САПАР ИСАКОВ АБАККА КАЙТА ЭЛЕК

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абакка кайтып келе элек. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Исаков Молдовановка айылындагы абакта жазасын өтөп жаткан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 12-октябрда абактан чыккан саясатчыга берилген өргүү бүткөнүн, өз эрки менен келишпесе укук коргоо органдары чара көрөрүн эскерткен. 17-октябрда социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалыматтар тарады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада дагы 482 кишиден вирус аныкталды.

БИШКЕКТЕ КҮНДҮЗГҮ СТАЦИОНАРЛАР ДАЙЫНДАЛДЫ

COVID-19 вирусу менен ооруган бейтаптарды дарылаш үчүн Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларды ачты. Стационарлар негизинен шаардагы төрт райондогу мектептерде ачылды. Жалпысынан сегиз мектепте 440 койкалуу стационарлар күндүз бейтаптарды кабыл алууда.

БАЖЫДАГЫ КОРРУПЦИЯ

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын айланасына кирген жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет. Маалыматка караганда, бажыдагы коррупция боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда

ПАРЛАМЕНТТИН САЙТЫ ХАКЕРДИК ЧАБУУЛГА КАБЫЛДЫ

Жогоку Кеңештин расмий сайты хакердик чабуулга кабылды. Сайттын бардык бөлүмдөрү «The Black Pirate» тобунун колуна өткөнү маалым болду. Хакердик чабуул жасаган топ акча талап кылууда. Алар: «20-октябрь, Москва убактысы боюнча саат 20:00гө чейин бизге кайрылгыла», — деп эскерткен.

Количество просмотров: 427