• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоодо утулгандар бирикти. Мектептерге жаңы талаптар кирди

5 Тогуздун айы 2020 19:59 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛООГО КАРШЫЛАР АЯНТТА БИРИГИШТИ

Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партияларынын өкүлдөрү чогулушкан.

БШКНЫН ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ МААЛЫМАТЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрь карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 98% шайлоо тилкесинин маалыматтары эсептелди.

БАЙКООЧУЛАРГА КЫСЫМ БОЛГОНУ АЙТЫЛДЫ

Шайлоодо “Таза Шайлоо” ассоциациясынын коомдук байкоочулары саясий партиялардын байкоочулары тарабынан ачык кысымга алынган. Бул тууралуу “Таза шайлоо” ассоциациясынын директору Эдир Бова билдирди.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 5-октябрга карата коронавирус илдети дагы 207 адамдан аныкталды. COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы 47 635 адамга жетти. Алардын 43 521и айыгып чыкты. Расмий эсеп менен 1066 адам бул оорудан көз жумду.

МЕКТЕПТЕРГЕ ТАЛАПТАР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

2-6-класстарды кадимки тартипте окутууну кайра баштоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мектептерге санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-октябрдагы брифингде билдирди.

ОШТУН 3020 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында шаардын 3020 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өттү. Негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта болуп, анда маданият башкармалыгы тарабынан даярдалып, шаардын түптөлгөндөн азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театралдык коюлумдар, оюн-зоок программалар жана көрүнүктүү эстрада жылдыздары коштогон концерт уюштурулган.

Количество просмотров: 630