• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоого аттанган 9 партия артка чегинди. Коомдук транспорттун графиги өзгөрөт

19 Баш оона 2020 19:58 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
COVID-19 илдетинен пневмонияны эсепке бир сутка ичинде 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, каза болгон учур Баткен облусунда катталды. Ал эми акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 179 адамдан аныкталганы белгилүү болду.


ПРЕЗИДЕНТ НАРЫНГА КЕТТИ
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

ӨКМӨТ БАШЧЫ МААЛЫМАТ БЕРДИ

1-сентябрга карата коомдук транспорттун иштөө графиги кайра каралып чыгат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Мындан тышкары, Боронов өлкөдө эпидемиологиялык абал өткөн айга салыштырмалуу 60-70 пайызга турукташып калганын, бирок аймактарда кырдаал дагы деле курч бойдон калып жаткандыгына байланыштуу жарандарды эреже сактоого чакырды.

ПАРТИЯЛАР СЪЕЗДЕРИН ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, 19-августта алдыдагы парламенттик шайлоого кытыша турган «Биримдик»,» Республика», «Мекеним Кыргызстан»,» Реформа», » Ыйман нуру» партиялары кезексиз курултайларын өткөрдү.

КАЙСЫ ПАРТИЯ КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТТУ
Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 14-августуна карата 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат таратты.

КЫРГЫЗСТАНГА 100 КЫЧКЫЛТЕК КОНЦЕНТРАТОРУ КЕЛДИ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди.
Саламаттык сактоо министрлиги 19-августта кабарлагандай, гуманитардык жардамдын суммасы 59 миң долларга барабар.

ТОЙДО ОК АТКАН ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Өзгөндөгү үлпөт тойдо асманга ок чыгарган жигит кармалды. Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей,
интернетке тараган видео боюнча милиция иликтөө жүргүзүп, тойдун кайсы жерде өткөрүлгөнүн жана ок аткан ким экендигин аныктаган. 

Количество просмотров: 305