• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоого аз калганда бир талапкер артка чегинди. Мэрдин мурунку орун басары кармалды

30 Бештин айы 2020 17:37 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска кабылган 189 адам жаңыдан катталды. Ушуну менен марттан бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 80 843 адамга жетти.

ТАГАЕВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР БОЛУУДАН БАШ ТАРТТЫ

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев жарыштан чыкканын жарыялады. 30-декабрда ал социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочуларына кайрылуу жолдоп, «талапкерликти мындан аркы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербеген жеке ишенимдерге байланыштуу токтотууга мажбур болгонун» билдирди. Бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды.

БИШКЕК МЭРИЯСЫ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын четиндеги таштанды полигону боюнча коррупциялык иштер бар деп эсептейт. Бул тууралуу шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 30-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

МЭРДИН МУРДАГЫ ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек мэринин мурдагы орун басары А.М.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН БАЛА БАКЧА

Москва райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жайгашкан үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТӨӨГӨ ӨТТҮ

Бүгүн, 30-декабрдан баштап 2021-жылдын 1-январына чейин Ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бүгүн жаңы жылга карата коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкектеги эски аянтта милициянын гарнизондук саптык кароосу болду.

Количество просмотров: 856