• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: СИЗО-1ден коронавирус табылды. Ара жолдо калган мигранттар

8 Бугу 2020 17:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүн, 8-майга карата Кыргызстанда дагы 11 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

МЕДКЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КЕНЕМТЕ ТӨЛӨНӨТ

Медицина кызматкерлерине убада кылынган кенемте берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 8-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, вирус жугузуп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом төлөнөт.

АРА ЖОЛДО КАЛГАН МИГРАНТТАР

Социалдык түйүндөрдө Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга карай жолго чыгып, посттордон өтө албай калган мигранттардын видеосу жарыяланды.

БИШКЕКТЕ КАФЕ ӨРТТӨНДҮ
Бүгүн Бишкектеги Панфилов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыкты. Маалыматка ылайык чыккан өрт толугу менен бир жарым эки сааттын аралыгында өчүрүлдү.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү бүгүн саат 10:17де түшкөн.

Количество просмотров: 145