• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сот Текебаевди мандатынан ажыратты. Орусия Кыргызстанга 20 миллионду эмнеге берет?

25 Бештин айы 2020 18:21 Бишкек Govori.TV

РЕФЕРЕНДУМ БОЮНЧА 10 ҮГҮТ ТОБУ КАТТАЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга байланыштуу каттоодон өткөн үгүт топторунун саны онго жеткенин кабарлады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдет 180 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок.

ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАНГА ЖАРДАМ БЕРДИ

Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.

СОТ ТЕКЕБАЕВДИ МАНДАТЫНАН АЖЫРАТТЫ

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутаттык мандаты быйыл 15-октябрда кайра берилген.

СТУДЕНТТЕРГЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ  ТАПШЫРЫЛДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

СЮЖЕТ ОРТОДО ЖАПА ЧЕККЕН ИШКЕРЛЕР

Нарын облусундагы Жумгал—Кочкор унаа жолун курууга техникаларын ижарага берген ишкананын ээлери жолду аткаруу куруучусу​ «Енисей Курулуш» ЖЧКсынан 1 жыл 2 айдан бери кызмат акысын ала албай жүргөнүн айтып Govori.TV агенттигине кайрылышты.

Количество просмотров: 671