• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Күндүн ыргагы: Таажы илдетине кабылгандар 600гө чамалады. Эл акыны Элмирбек дүйнө салды

21 Чын куран 2020 18:33 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 21-апрелге карата Кыргызстанда дагы 22 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.Үсөнбаевдин айтымында Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 7 медкызматкер жуктуруп алды. Учурда ооруканаларда 367 бейтап жатат. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын бешөө жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 350 бейтаптын абалдары канааттандырарлык деп бааланууда. Ошондой эле бүгүнкү күнго карата дагы 15 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

Кыргызстандын эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга Бишкек шаарында узатылат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-апрелде саат 11:00дө Тунгучтагы үйүндө өтө турганын чыгармачыл инсандар билдиришти. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Элмирбек Иманалиев 42 жашында 20-апрель күнү ооруканада көз жумду. Маркумдун артында жубайы жана балдары калды. Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, «булбулум», «Аруузатым», «Коштошуу вальсы» сыяктуу ырлардын автору

АБЫЛГАЗИЕВ ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин айтып, жаралган көйгөйлөр республикалык штабдын ишинин алкагында ыкчам тартипте чечилиши кажеттигин белгиледи. Өлкө азык-түлүктүн ири көлөмү менен өзүн өзү камсыздашы керектиги бардыгыбыз үчүн айкын болуп калды. Айыл чарбасына мамиле жасоону өзгөртүүгө убакыт келди. Айрыкча, бул импорттун ордун алмаштыруу саясатына тийиштүү. Бул биздин ишибиздеги башкы артыкчылыктардын бири болуп калуусу шарт. Өлкөдөгү абалга карабастан, дыйкандар жана фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Жазгы-талаа иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү абзел, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

ИЛДЕТТИ ЖАШЫРГАНДАР ЖАЗАЛАНАТ

Ошто өзгөчө абал киргенден бери үч кишиге коронавирус илдетин жашырганы үчүн иш козголду. Бул тууралуу Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов бүгүнкү брифингде билдирди. Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.

МИЛИЦИЯНЫН 12 КЫЗМАТКЕРИ ВИРУС ЖУКТУРДУБУ?

Бишкек шаарында 12 милиция кызматкери коронавирус жуктурган болушу мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, укук коргоо кызматкерлери учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. «Бүгүнкү күндө кызматкерлер обсервацияга жаткырылды. Алардан биринчи тапшырган анализдеринде оорунун белгилери жок. Эми алдыда дагы он күндөн кийин экинчи жолу анализ алынат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 201