• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мадумаровдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берүүдө. Көлбаевдин кудасы абактан чыкты

1 Бирдин айы 2024 18:19 Бишкек Govori.TV

МАДУМАРОВДУН ИШИ БОЮНЧА СОТ УЛАНДЫ

Бүгүн, 1-февралда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланып жатат.

Сотко Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев күбө катары көрсөтмө бериш үчүн келишкен.

30-январда өткөн жараянда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттин иш башкармасынын мурунку биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары көрсөтмө берген.

Эске салсак, Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. 

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН БӨГӨТ ЧАРАСЫ ШААРДЫК СОТТО КАРАЛУУДА

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекееваны 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Соттун чечимине ылайык Бейшекеева 2024-жылдын 13-мартына чейин камакта болот.

Ошондой эле бүгүн сот “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

КӨЛБАЕВДИН КУДАСЫ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Камчы Көлбаевдин кудасы делген Рустам Турдиев абактан чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, чечим 23-январда чыккан, сотко анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен УКМКнын тергөөчүсү кайрылган.

«Соттун чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. Ага карата мурда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына аылмашкан», — деп жазылат маалыматтаю.

Ал эми айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып, Турдиев мамлекетке 2 миллион доллар төлөп бергенин жазышууда.

Бул боюнча УКМК маалымат бере элек.

Эске салсак, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев 2023-жылдын октябрь айында камалган. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө же ага катышууга айыпталган.

3 ЖАШАР КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ

ЖКнын жыйынында депутат Камила Талиева 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологдун үй камагына чыкканын сынга алды.

Эл өкүлү да президент менен төрагага кайрылып, ишти тыкыр көзөмөлгө алууну суранды.

Ал эми депутат Айбек Осмонов кесиптешинин пикирин тең бөлүшүп, бардык стоматологиялык клиникаларды көзөмөлгө алуу керек экенин айтты.

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиологду  үй камагына чыгарды.

Шаардык соттун маалыматына караганда, соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып, аны үй камагына чыгарган. Бишкектин Октябрь райондук соту 13-январда дарыгерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЖАСАЛДЫ

Бүгүн, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.

«Бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Операция саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өттү.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.

Количество просмотров: 228