• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Ташиевге жаңы кызмат сунуштаган. Башкы прокурор маалымат жыйын курду

31 Үчтүн айы 2024 18:33 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТАШИЕВГЕ ФУТБОЛ БИРИМДИГИН БАШКАРУУНУ СУНУШТАГАН

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган чакан маегинде айтты.

Президент Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы оюндары тууралуу комментарий берип, Кыргызстанда акыркы убакта футболго шарттар түзүлүп, ырааттуу каржылоо башталганын кошумчалады.

“Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым”, — деди президент.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен.

Эске салсак, футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. Тайпадагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизди.

БАШКЫ ПРОКУРОР МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН КУРДУ

Бүгүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын уюштуруп бир катар коомдогу актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

Жыйын учуруна Зулушев Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча атайын операциянын мыйзамдуулугу текшерилгенин билдирди.

Ошондой эле Башкы прокурорго бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган кайнисинин иши боюнча суроо узатылып, ал өз пикирин айтты.

Мындан тышкары Зулушев буга чейин кармалган журналисттердин иши тууралуу комментарий берди.

АЛИМЕНТ ТӨЛӨБӨГӨНДӨР ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАБЫ?

Юстиция министрлиги алимент төлөбөгөн жарандарга карата жазаны күчөтүп, үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатат. Бул мыйзам долбоору 31-январда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралууда. Мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова бул документ Конституциялык соттун алименттен качкан ата-энелерге карата чараны күчөтүү боюнча чечимин ишке ашыруу үчүн даярдалганын билдирди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда алимент бир жылдан ашык убакыттан бери төлөнбөй калса, алгач 20-50 миң сомго чейин айып салууга же 40-100 саатка чейин коомдук иштерге, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Бул кылмыш кайталана турган болсо, бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда.

Депутат Аида Исатбек кызы алимент төлөбөгөндөргө чараларды күчөтүү оң жыйынтык бербей турганын билдирсе, депутат Дастанбек Жумабеков бул долбоордогу чараларды “аша чапкандык” деп баалап, алимент төлөбөгөнү үчүн жарандарды абакка кесүү кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деген ойдо. Ал мындай жарандарды уяткаруу, банктардан насыя, айдоочулук күбөлүк алуусуна тыюу салуу сыяктуу чараларды көрүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

БАҢГИЗАТКА КАРШЫ КҮРӨШ

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Депутат Медербек Алиев өспүрүмдөр арасында маңзат колдонуу көйгөйү күчөп жатканын белгилеп, чоң баяндама жасады. Ал дарыканаларда күчтүү таасир берүүчү заттар ачык сатылып жатканын сынга алды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаиловдун айтымында, үч айда психотроптук заттарды сатканы аныкталган алты дарыканага айып пул салынды. Мындай көрүнүш кайра кайталанса алардын лицензиясын алуу маселеси каралат.  

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жыйында соңку жылдары синтетикалык каражаттарды жайылтуу чоң маселеге айланганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр бул боюнча 1 миң 314 кылмыш иши козголуп, 825 киши жоопко тартылган. Мындан тышкары маңзат соодасын жүргүзгөн 13 интернет дүкөнү жабылган.

Кылмыш-жаза кодексинде маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

Количество просмотров: 331