• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапырт кармалган журналисттер абакта калды. Бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалат

5 Бирдин айы 2024 18:23 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык бул ирет үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки аралыкта Баткен шаарында болуп өттү. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын3,71 чакырымыбоюнча макулдашышты.  Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

12-январда Баткенде өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушкан. Биргелешкен билдирүүдө чек ара аймагы боюнча орток пикир табылганы айтылган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАН ЖУРНАЛИСТТЕРДИН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛУУДА

5-февралда Бишкек шаардык соту “Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиевди жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулун, “Айт айт десе” долбоорунун кызматкери,  акын Азамат Ишенбековду, журналист Жоодар Бузумовду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Сот ушул эле күнү “ПолитКлиника” порталынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун, “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын жана журналист Актилек Капаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди жана Акыл Орозбековду да камакта калтырган.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

УКТ МҮЧӨСҮ БАҢГИ КЫЛМЫШЫНА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ыкчам кызматтары кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алышкан. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баңги кылмышына шектүүлөрдүн бирин-мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун 1983-жылы туулган жашоочусун кармашкан.

2024-жылдын 3-февралында башкармалыктын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Аза Большой” каймана аттуу жарандан ширенкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры табылып алынган.

Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши иликтенүүдө.

БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ…

Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган бардык жарандардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жалпы өлкө боюнча бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 2 миң 685 бейтапты түзөт. «Гемодиализге бюджеттен 2,5 млрд сом сарпталат. Бейтаптардын жашоо шарты дагы жакшы эмес, аларга узак жол жүрүүгө болбойт. Операция 650 миң сомго жакын каражатты талап кылат жана бул үнөмдүу олот», — деди министр.

Ал белгилегендей, азыр Кыргызстандык адистер бөйрөк алмаштыруу боюнча Түрктияда окуудан өтүшүүдө.

Бейшеналиев түрк тарап менен бөйрөк алмаштыруу операцияларын Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Достугу» ооруканасында жасоо макулдашылганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи жолу бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясы жасалган.

Количество просмотров: 84