• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Күндүн ыргагы: Талапкерлер үгүт ишине шымалана кириши. «Бүтүн Кыргызстан» жарыштан четтетилди

4 Аяк оона 2020 19:34 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 92 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 33 адамда коронавирус аныкталса, 59 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди. Ушул эле маалымат жыйында айтылгандай, Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен көз жумган 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөндү. Ошондой эле учурда 34 маркумдун документтери каралып жатат. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлгөн.

ТАЖЫЯГА БАРА ЖАТКАН 8 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы жол кырсыкта каза болгон сегиз адам бир көчөнүн тургундары болгон. Алар таанышын акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара жатышканы айтылды.

 “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” СОТКО АРЫЗДАНАТ

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко кайрыларын белгилеп, бирок сот арызын канааттандырат деген ишеними жок экенин билдирди.

БШК МЕНЕН ПАРТИЯЛАР КОЛ КОЙГОН МЕМОРАНДУМ

Борбордук шайлоо комиссиясы  жана парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 4-сентябрдан тартып үгүт иштери башталганын айтып, алдыда таза жана ачык шайлоо өткөрүү озуйпасы турганын белгиледи.

ҮГҮТТӨӨНҮН БИРИНЧИ КҮНҮ

Бүгүн, 4-сентябрдан тарта Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери расмий башталды. Үгүт иштери башталышы менен шайлоого аттанган партиялар өздөрү тууралуу маалымат берүүгө билек түрө киришишти.

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН КЫРГЫЗСТАНДЫК КАРМАЛДЫ

Кыргызстанда 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москва шаарында кармады. Маалыматта Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну 2016-жылдан бери издөөдө болгону айтылат.

Количество просмотров: 308