• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Күндүн ыргагы: Талаштуу ЖМК мыйзамы талкууда. Депутаттын диплом чырына Жогорку Сот чекит койду

31 Тогуздун айы 2023 18:44 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА ТУУНУ ӨЗГӨРТҮҮ ТУУРАЛУУ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча журналисттердин суроолоруна учкай комментарий берди.

Анын айтымында, коомчулуктун пикири дагы эске алынат. «Албетте, социалдык тармакта талкуу болуп жатат. Ошол эле учурда туура сындар бар, туура эмес сындар бар. Алардын баарын карайбыз. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз», — деди ал.

«Бул демилге өзүңүздүкүбү?» деген суроого «албетте» деп жооп берди спикер.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул сунушту колдой турганын билдиришкен болчу.

ТАЛАШТУУ ЖМК МЫЙЗАМЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 31-октябрда жаңы сунушталып жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол өттү.  Медиа эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан иш-чарада сөз эркиндиги жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү процессиндеги учурдагы абалга сереп салынды. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзамды жаңылоо демилгесин колдойт жана өлкөдө сөз эркиндиги башка мамлекеттерге салыштырмалуу жогору деп эсептейт.

Ал эми Акыйкатчылык ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамды кайра иштеп чыгууну сунуштады.

Маселе азыркы ЖМК жөнүндө мыйзамдын эскилигинде эмес, анын бүгүнкү күндөгү реалдуулукка канчалык дал келгенинде деген  «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Жогорку Кеңештин төрагасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, “ЖМК жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча талдоо даярдаган эксперттердин пикирин угууга чакырды.

Президенттик администрация 2022-жылы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

ДЕПУТАТТАРДЫН ДИПЛОМ ЧЫРЫ. ЖОГОРКУ СОТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ

Жогорку Сот Фархат Исмаиловду Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыратуу тууралуу эки соттук инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырганын 30-октябрда аталган мекемеден билдиришти.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун жана «Альянс» фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берилгенин билдирген.

6-июлда БШК эки депутаттын мандатын алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы 20-сентябрда белгилүү болгон.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат. Экөө тең диплому жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

ОКУУЧУНУН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Караколдо дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалымат боюнча, 30-октябрь күнү саат 12:30дар чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, кийин үйүнө келбей калганын билдирген.

«Маалымат каттоого алынып, дайынсыз жоголгон окуучуну издөө иштери башталган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганын маалымдашкан. Маркум дайынсыз жоголгон издөөдө жүргөн жашы жете элек бала экен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери жана жагдайлары такталууда», — деп жазылат маалыматта. .

УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ

Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постуна жана Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Маалыматта айытлгандай, жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан.

Количество просмотров: 291