• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Таласта коронавирус күч алса, Бабанов Бишкекте эл чогултту. ЕАЭБдин кыйроосу жакындадыбы? (Түз эфир)

11 Кулжа 2020 17:24 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС. АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 11-июнга карата  коронавирусту жугузуп алган 36 учур катталса, анын ичинен он адам медицина кызматкери болуп чыкты. Белигилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын баардык аймактарында коронавирустун жаңы учурлары катталды.

ЖУРНАЛИСТКЕ КОЛ САЛУУ БОЛДУ

 Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык адам топтолбошу керек. Бишкектеги “Кайнар” ресторанына куран окутууга 50дөн көп адам чогулган айтылып, ресторанга 13 миң сом айып салынып, жабылды. Айта кетсек, бүгүн жогоруда аты аталган ресторандын алдынан “Kaktus.media” сайтынын кабарчысына карата күч колдонулду.

ЕАЭБДИН КЫЙРООСУ ЖАКЫНДАДЫБЫ?

11-июнга карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төрт өткөрмө пункт иштеп жатат. Ал эми депутаттар бул жагдайга кубануунун кереги жок деп эсептейт. Алардын айтымында ЕАЭБдин тегерегиндеги көйгөйлөр ал да болсо чечиле элек. Кененирээк кийинки материалда.

КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА АЧЫКТАЛДЫ

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Бишкек—Ош унаа жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын бөлүмдөрүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

ШАДИЕВГЕ СЫРТТАН ӨКҮМ ЧЫКТЫ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди.

КАРАНТИНДЕГИ ШАЙЛОО

Шайлоого төрт ай гана калды. Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыра элек. Шайлоо учурунда да вируска байланыштуу кырдаал кандай болот? Коопсуздук эрежелерин сактоо менен добуш берүү канча убакытты талап кылат? кененирээк алдыдагы материалда.

Количество просмотров: 1022