• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ташиев кайсы аткаминерлерди камайт? Үч партия лидерлери бирикти…

18 Бирдин айы 2021 18:19 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Бишкекте бир адам каза тапты​. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

МЕКТЕПТЕР ТОЛУК АЧЫЛБАЙТ

Биринчи вице-премьер балдардын пневмонияга чалдыгуусуна байланыштуу кеңешме өткөрдү. Артем Новиков балдар арасында сасык тумоо, пневмония жана Кавасаки синдромуна окшош оорулардын көбөйүүсү коомчулукта кооптонууларды жаратып жатканын баса белгиледи.

ТАШИЕВ БАТКЕНГЕ БАРДЫ

Бүгүн Германиядан даарылануудан Бишкекке учуп келген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барып, чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолугушту.  Ал жолугушууда көйгөй жараткан чек ара маселесин чече тургандыктарын айтып, жашоочуларды сабырдуулукка чакырды.

 “МАНАСТЫН” МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматында ал «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын айланасындагы жемкорлук схемасына байланыштуу камакка алынды.

БАКИР ТАИРОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таировдун бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотту.

ҮЧ ПАРТИЯ ЛИДЕРДЕРИ БИРИКТИ

Бишкекте “Адилеттүү Кыргыстан” партиясынын лидери Эльдар Абакиров, “Асман Ала-Тоонун” лидери Аймен Касенов жана “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкуловалар бирикти. Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн бириккен саясатчылар бүгүн, 18-февралда маалымат жыйын берди.

Количество просмотров: 406