• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: УКМК депутатты «Көлбаев менен жолуктуң» деп суракка алды. Жапаров министрлерди зекиди

28 Бештин айы 2022 18:50 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ӨКМӨТТӨН ОТЧЕТ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат. Анда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралууда.

Анда баяндама берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жыл боюнча министрликтердин ишмердүүлүгүнө жүгүзүлгөн мониторингге токтолду.

Ал эми президент Садыр Жапаров жыйын учурурда Каржы министринин орун басары Руслан Татиковду депутаттын суроосуна туура эмес жооп бердиң деп тургузуп алып сын пикрин айтты.

Мындан тышкары президент Садыр Жапаров жыйын учурунда иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрбөгөн министрликтерди атап, аларды уяткарды. Ошондой эле президент ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырды.

Белгилей кетсек, иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

НАРМАТОВА КАМАКТА КАЛДЫ

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы, активисттер ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 17 адам болчу, бүгүнкү күнгө карата алардын 16сы ачкачылыгын токтотту.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышкан. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин айтылган болчу.

Ал эми кечээ, 27-декабрда Орозайым Нарматова шаардык соттогу отурум убагында эсин жоготуп жыгылган. Анын бөгөт чарасы бүгүнкүгө белгиленип, соттун чечими менен камакта калтырылды.  Белгилүү болгондой, буга чейин ачкачылык кармап жаткан Нарматова ден соолугуна байланыштуу ачкачылык акциясын токтоткон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту буга чейин башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

БАКИРОВ УКМКГА ЖООП БЕРДИ

Жогорку Кеңештин депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын тараткан маалымат тууралуу түшундүрмө берип, ал Камчы Көлбаев менен Ысык-Көлдө жолукпаганын, жада калса аны көрбөгөнүн айтты.

Анын айтымында 25-декабрда Ысык-Көлдө жардамчысы менен жүргөн.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Бакиров УКМКга сурак берип чыкканын айткан. Мындан соң атайы кызмат маалымат таратып, депутат Бакиров “криминалдык авторитет” атыккан Камчы Көлбаевге байланыштуу сурак бергенин, ал менен Көлбаевдин байланышы аныкталганын билдирген. УКМК тараткан маалыматта, 25-декабрда Бакировдун атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталган, бул боюнча далилдүү фактылар бар экени айтылат.

Эске салсак, буга чейин Бакировдун мандаты тууралуу кеп козголуп 13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Бакировдун №4 Көк-Жар шайлоо округунан шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган.

17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Ал Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

МИЛИЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ АЛМАШТЫ

Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери алмашты.

Министр Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Нарын ОИИБинин жетекчиси болуп Канат Жумагазиев,  Жалал-Абад облустук башкармалыгына Жеңиш Абитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчылыгына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков, Ысык-Көл облустук башкармалыгын милициянын полковниги Орунбай Кочкоров жетекчи болду.

Буга чейин УКМК тарабынан Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалган. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып кармалган.

24-декабрда атайын кызмат Кочкордо «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаган. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган.

Окуяга байланыштуу жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылган.

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН КАЛАЙМАН МУШТАШЫ КАТТАЛДЫ

Панфилов районунда өспүрүмдөрдүн калайман мушташы орун алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, окуя 27-декабрда Кайыңды шаарында болгон. Аталган шаардын жана Панфиловка айылынын өспүрүм тургундары мушташа кетип, 17 жаштагы бала ур-токмокко кабылып, телефонун алдырып жиберген.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренесинин негизинде каттоого алынды. Шектүү катары 17-21 жаштагы эркектер кармалганы, алардын арасынан пневматикалык курал табылганы жана бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.

Количество просмотров: 878