• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ун менен буудайды сыртка чыгарууга тыюу салынды. 3 баласын саткан жаш келин кармалды

25 Аяк оона 2023 18:27 Бишкек Govori.TV

БУУДАЙДЫ ТАШЫП ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Министрлер кабинети буудай жана буудай унун өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алды. Токтом долбоорунда алты айлык мөөнөткө тыюу салуу жазылган.

Чечим өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынган. Өкмөт бул токтомду 20-сентябрда коомдук талкууга койгон болчу. 19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Андан кийин парламенттин жалпы сессиясында да маселе көтөрүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет.

ИНВЕСТОРЛОРДУ ОПУЗАЛАГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда жогорку даражалуу чиновниктер менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон опузалап көп суммада акча талап кылган шектүү кармалганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, бул маалымат президентке жетип, шектүү камакка алынганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

“Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда “кол тийбестер” жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса, дароо камалат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Султанбаев президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен, Ички иштер министрлигинен жана башка жеке булактарынан маалымат алып турарын, чиновниктердин атын жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандар тууралуу дагы маалыматтар бар экенин айтты.

Эрбол Султанбаев кармалган адамдын сүрөтүн жарыялады. Бирок аты-жөнү ким экенин тактаган эмес. Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адам Төлөнбай Нурбаев экенин жазышууда.

Көп өтпөй ИИМ маалымат таратып, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар акча каражатын талап кылган жарандар кармалганын маалымдады.

ЭНЕ-БАЛДАРДЫН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ: СОТТУК ЖАРАЯН ЖЫЛДЫ

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Аширалиевдин иши каралып жатат.

Шектүү сотко жеткирилди. Ишти караган судья Надырбек Токтосунов. Жараянга маркумдун 81 жаштагы апасы жана жакындары катышууда.

Бүгүнкү жараянда күбөлөр суралмак, бирок айрым күбөлөр келген жок. Ал эми шектүү Аширалиев бүгүн өзүн начар сезип жатканын айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Буга байланыштуу кийинки соттук отурум 5-октябрь саат 14:00го белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

ЖАШ КЕЛИН БАЛДАРЫН САТУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Чүй облусунун Сокулук районунда жаш келин үч баласын сатып жиберген деп шектелип кармалды. Бул утуралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, мурдагы аялы балдарын көрсөтпөй жатканын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт каттого алынып, териштирүү иштери башталган.

«Териштирүү учурунда 2001-жылы туулган жаш келин 2021-жылы төрөгөн кызын Чүйдүн Москва районунун тургунуна, 2022-жылы төрөгөн уулун К. аттуу жаранга жана 2023-жылы төрөгөн кызын М. аттуу аялга сатып жибергени аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бардык балдардын жүргөн жери аныкталып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

УЛУТТУК ГОСПИТАЛДЫН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Улукбек Кулукеев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткарып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министринин 22-сентябрындагы  Токтобай Маанаевди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кылып дайындоо буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Эске салсак, 22-сентябрда коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Токтобай Маанаев кайра Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болгону кабарланган.

Количество просмотров: 149