• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ыктыярчыларды колдонуп, эми сүйрөп жатышат. Мадумаровдун партиясынын тагдыры каралууда…

9 Аяк оона 2020 19:01 Бишкек Govori.TV
https://www.facebook.com/govoriTV/videos/322479338854943/

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүнкүгө карата коронавирус илдети 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

КУРУЛУШУ ТАЛКУУГА АЛЫНГАН ООРУКАНА
Бишкек шаарындагы инфекциялык оорукананын курулуш иштери 70%га аяктады. Төрт бөлүктөн турган объектинин биринчиси дээрлик курулуп бүтүп, учурда калган бөлүктөрүндө эки нөөмөт менен 100 курулушчу иштеп жатат. Эксперименттик тез курулуучу инфекциялык оорукана башка оорукналардан эмнеси менен айырмаланат кененирээк алдыдагы материалда…


ПРЕЗИДЕНТ ОШКО БАРДЫ
Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапары менен Ош облусунда болот. Ал Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү, медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышат. Ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат. Мындан сырткары, сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн, пандемия шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрөт.


ЫКТЫЯРЧЫЛАР АЙЫП ПУЛДАРЫН ӨЗДӨРҮ ТӨЛӨӨДӨ
Кыргызстанда коронавирус күчөп жатканда адистер жетишпей, ыктыярчылар адам өмүрүн сактоого билек түрө киришкен эле. Учурда ошол ыктыярчылар бейтаптарды оорукананга ташып жүрүп бузулган жол эрежелери үчүн жазылган айып пулдарды өздөрү төлөп жатышат. Бул тууралуу “Кызыл Ай” коомунун социалдык департаментинин башчысы Айдай Эрикова билдирди.


“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН” СОТУ УЛАНДЫ
Бишкектин административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын кароо уланды, соттук отурум учурунда имараттын алдына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жүздөгөн тарапкери чогулуп, партияны шайлоого катыштырууну талап кылды.


БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ШАЙЛООНУН ЖҮРҮШҮН КӨЗӨМӨЛДӨЙТ
Шайлоо процессине катышуучулардын арасынан кимде-ким мыйзам бузса жоопко тартылат. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мамлекеттик кызматкерлер, байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук уюмдары, чет элдиктер жана 18 жашка чыга электер үгүт өнөктүгүнө катышууга укугу жок экенин, кастыкка, басмырлоого, мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга жана бийликти басып алууга үндөөгө тыюу салынат.


БҮГҮН КОМУЗ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ
Бүгүн, 9-сентябрь — Комуз күнү белгиленүүдө. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, бул күндү утурлай атайын жумалык жарыяланган. Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Комуз жумалыгы онлайн форматта өткөрүлөт. Жумалык 7нен 13-сентябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 205