• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жөлөкпулду кымыргандар кармалды. Депутаттар түштөн кийин БШКдан маалымат талап кылышты

14 Аяк оона 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ПРЕЗИДЕНТТЕРИ ЖОЛУКТУ

Бүгүн 14-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү.

Кыргыз жетекчисинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашты.

Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелер, Дүйшөмбүдө өтө турган Борбор Азия лидерлеринин бешинчи консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алышканы маалымдалды.

“Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендигин билдиришти”, — деди президенттин басма сөз кызматы.

Дүйшөмбү шаарында бул күндөрү Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өттү.

Жапаров менен Рахмондун соңку жолугушуусу быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинин алкагында өткөн.

ДЕПУТАТТАР БШКДАН МААЛЫМАТ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Мамытов добуш сатып алууга байланыштуу мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакиров тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады. Ал бул маселе парламенттин 13-сентябрда көтөрүлгөнү менен күн тартибине кирбей калганын белгиледи.

Ошондой эле  жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков БШКдан диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраган “Альянс” фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжанов тууралуу дагы маалымат алуу зарылдыгын белгиледи.
 Эске салсак, Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Өмүрбек Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган.

Ал эми мандатынан ажыратылган Бакировдун ордуна ЖКга депутат болуп жогоруда айтылган шайлоо округундагы шайлоодо экинчи орунду алган Равшанбек Рысбаев келген.

БАЗАРБАЕВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА БАРДЫ

Кудайберген Базарбаев министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Базарбаевдин мамагенттиктин жалпы жамаатына президенттин администрациясынын президенттин чемимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Ал эми Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин буга чейинки директору Улан Карыпбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Кудайберген Базарбаев буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын аркалап келген.

ЭМГЕК МИНИСТРЛИГИНДЕГИ ЖЕМКОРЛУК

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 2021-2022-жылдарга карата Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүндө аудит жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жана тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 млн 52 миң 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн. Алар башкы бухгалтер, социалдык кызматкер, социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери экендиги такталган.

Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында күнөөлүүлөр КРнын кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Андан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган кызмат адамдары тарабынан Аламүдүн районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция райондук бөлүмүндө ушул сыяктуу социалдык төлөмдөрдү максатсыз ыйгарып алуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүү пландалууда.

2010-ЖЫЛЫ АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурган Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары Сузак районунун тургундары 1980-1972-1961-1965-1958-жылы жана 1971-жылы туулган жарандар кармалды.

«Кармалган жарандар Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды. Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат»,-жазылат маалыматта.

УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 1283