• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаңы өкмөт башчы инисин иштен алды. Ошто интернаттагы окуучулар ууланды

4 Бирдин айы 2021 19:12 Бишкек Govori.TV


ЖАПАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Кыргызстанда жаңы дайындалган өкмөт элге ишин көрсөткүчө дагы жок дегенде алты ай талап кылынат. Бул тууралуу 4-февралда президент Садыр Жапаров Telegram каналына жарыялаган билдирүүсүндө жазды. Жапаров белгилегендей, жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынат, алардын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болуп, жаңы таза, кесипкөй кадрлар дыкат сынактан өтүп келүүсү мыйзам чегинде гана жүрөт.

ДЕПУТАТТАР ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ

Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Депутат Сайдулла Нышанов “Ата Мекен” партиясынан чыгып жатканын жарыялады. Белгилей кетсек, Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.

МАРИПОВ ИНИСИН ИШТЕН АЛДЫ

Ош облусунун Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, бул Улукбек Мариповдун премьер-министр кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет. Президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири — жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү, кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.

УКМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ҮЙ КУРУЛАТ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн үй салууга тендер жарыяланды. Бул маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады. Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери үчүн ар бири 9 кабаттан турган, турмуш-тиричиликке ыңгайлуу 6 үй курулат. Курулуш компанияларына жарыяланган тендер ушул жылдын 25-февралында аяктайт. Үй салууга 580 млн 935 миң сом бөлүнгөн.
Манас проспектисине курула турган бул турак-жайды 2022-жылдын август айында бүтүрүп берүүсү керектиги да белгиленген.

ОНЛАЙН ОКУУГА КАРШЫЛАР МИТТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бишкек мэриясынын алдында мамлекеттик мектептерди , бала бакчаларды ачууну талап кылган митинг өттү. Алар Кыргызстандын башка аймактарында мектептер, башкалаада базарлар жана соода борборлор кадимкидей тартипте иштеп жаткан учурда онлайн окуу уланып жатканына нааразылык билдиришти.

ОШТО ОКУУЧУЛАР 6 ОКУУЧУ УУЛАНДЫ

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына түштү. Маалыматты Govori.TVга аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргал Кадыров тастыктады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 4-февралга карата вирустан Бишкекте дагы үч киши каза болду. Кыргызстан боюнча 70 адамдан оору табылды.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 832 киши болду. Жалпы ооругандардын 81 334ү сакайды. Соңку бир күндө 102 адам айыкты.

Количество просмотров: 474