• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров кортеж менен банкеттен баш тартты. Өкмөттүн пандемиядагы каталары иликтенди

22 Үчтүн айы 2021 18:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 3 этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкты этап менен эмдөө планы даярдалып, тийиштүү эсеп жүргүзүлүү менен Каржы министрлигине өткөрүлүп берилди.

ӨКМӨТТҮН ПАНДЕМИЯДАГЫ КАТАЛАРЫ ИЛИКТЕНДИ

Коронавирустун алгачкы толкуну маалында өкмөткө караштуу мекемелердин ишинде бир топ мүчүлүштүктөр болгонун атайын комиссия иликтеп чыкты. Илдеттин биринчи толкунунда мамлекеттик органдардын ишинде каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар бар болгонун жана «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө, жумшалган каражаттар кымырылганы айтылды.

ЖАПАРОВ КОРТЕЖ МЕНЕН БАНКЕТТЕН БАШ ТАРТТЫ

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январга белгиленип, даярдык иштери да башталган. С.Жапаровдун бул салтанатка байланыштуу билдирүүсүн Президенттик аппараттын басма сөз кызматы бүгүн, 22-январда жарыялады.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОМИССИЯСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп тилчи- окумуштуу Сыртбай Мусаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгону тууралуу маалымат 21-январда президенттин порталына расмий жарыяланды.

КАРИМОВА КЫЗМАТТАН БАШ ТАРТТЫ

Эстрада ырчысы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

Количество просмотров: 467