• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров “Кумтөрдү” улутташтырууга салым кошкондорду сыйлады. Бишкекте имараттардан бомба табылган жок

19 Тогуздун айы 2023 18:33 Бишкек Govori.TV

 “КУМТӨРГӨ” 30 ЖЫЛ

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Кумтөр Голд Компанинин” 30 жылдыгына карата иш-чара өттү. Мамлекет башчы алтын кен элдин пайдасына иштеп жатканын, Кумтөрдө көмүлгөн калдык кайра иштетилерин, 2026-жылдан тартып андан алтын ылгап алуу башталарын айтты.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына карата жана кендин мамлекеттин менчигине өтүшүнө салым кошкондорго бир катар сыйлыктарды ыйгарды. Анда юстиция министри Аяз Баетовго III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды.

“Даңк” медалы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Илдар Гильфановго, “Кумтөр Голд Компаниясы” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Умбеталы Кыдыралиев сыйланды. “Кумтөрдүн” туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марат Ибраевге, “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Кумтөрдүн” өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоевге “КРнын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген наам ыйгарылды. Жогорку Кеңештин бир катар экс-депутаттары жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер “Ардак Грамота” менен сыйланды.

Эске салсак, канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

ТАШИЕВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторду колдогондор болуп жатканын, эми алар да жазаланарын айтты.  Ташиев бул тууралуу  УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

18-октябрда «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек менен байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө ведомстволук буйруктарды бузган бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери ишинен бошотулган.  Алардын кримтөбөл Камчы Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушканы аныкталган.

Эске салсак, 4-октябрда УКМК Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. 9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

АЛА КАЧУУНУ САЛТ ДЕГЕН ДЕПУТАТ СЫНДАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиевдин кызды уурдоо ата-бабаларыбыздан бери келаткан үрп-адат экени тууралуу айткан сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште мал уурдаган кылмышкерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Дастан Бекешев кыз уурдоонун жазасына салыштырганда көбүрөөк жаза мөөнөтү сунушталып жатканын айтты. Ал малга караганда адам укугу, өмүрү жогору турарын белгиледи.

Бекешевдин мындай пикирине мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мейкинбек Абдалиев жооп берип, салт жана үрп-адат тууралуу айтты.

Депутаттын бул билдирүүсү соцтармакта бир катар ача кептерди жаратты.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыш болуп саналат. Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси «Никеге туруу максатында ала качуу» деп аталат. Анда «Никеге туруу үчүн адамды ала качуу 5-7 жылга, кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу 7-10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат» деп жазылган.

БОМБА ТАБЫЛГАН ЖОК

Бишкекте имараттардан бомба табылган жок. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына алгач Жогорку соттун, андан кийин Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң «Азия Молл», «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплекстери бомба бар деген билдирүү түшкөн.

Жогорудагы фактылардын негизинде аталган имараттарда жарандар эвакуацияланып,ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

«Натыйжада саат 14:40 карата бул имараттарда эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бардык келип түшкөн билдирүүлөр маалыматтар журналына катталып, УКМКнын кароосуна жана окуя боюнча чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.

Количество просмотров: 246